Menu

Елизавета II менен принц Филипптин махабаты

Бөлүшүү:

Сыртынан караганда Елизавета II менен принц Филипп абдан бактылуу жубайлардай таасир калтырышат. Арийне, бул никеде да кризистер болгон. Ал тургай, аз жерден ажырашууга чейин жетпей калышкан. Королева кантип бул союзду сактап калган, жана да үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн ал кандай курмандыктарга барган?

1947-жылдын 20-ноябрында Великобританияда мураскер принцесса Елизавета II менен анын тандаган жигити Филипп экөөнүн үйлөнүү тою болгон. Ал кезде бул церемония «пир во время чумы» деген атка конгон: өлкө Экинчи Дүйнөлүк согуштун залдарынан оңоло албай, кыйын кезеңде турган. Бирок, король Георг IV нын улуу кызы салтанаттуу сый-тойдон баш тартууну каалаган эмес.

72 жыл өткөн соң бул никени башкаруучу династиядагылар өздөрү башынан эле династиялык жаңылыштык деп аташканы, Георг IV нын адашуусу катары санашканы эстен таптакыр чыгып калган. Арийне, Елизавета II ошондо эле өзүнүн эртеби же кечпи баары бир такка олтурарын биле турган. Ошондо мындай кыйынчылык учурларда ал үчүн күчтүү эркекке таянуу зарыл болот деп чечкен. Анда бул идеалдуу монархиялык никенин кандай сыры бар? Эмне үчүн айрым британдыктар Филиппти жактыра беришпейт?

Тең эмес партия

Азыркы кезде гана британдыктактынын мураскерлери мурда ажырашып кетишкен америкалык актрисаларга үйлөнө алышат, ал эми 70 жыл мурда Англиядагы каада-салт такыр башкача эле. Король Георг IV Экинчи Дүйнөлүк согушка чейин эле өзүнүн улуу кызына ылайыктуу күйөө издей баштаган. Монарх башчы мураскер кызы эң эле таасирдүү кландын өкүлүнө күйөөгө чыгышын кыялданган, бирок Лилибет – Елизаветаны жакындары ушундайча аташчу – башкача ойлой турган.

1939-жылы ал Дартмуттагы Королдук аскер-деңиз колледжинен Филиппти жолуктурган. Болочок жубайлар ал кезде тааныш болушса да, ортодогу романтикалуу сезимдер согуш болор алдындагы ысык июль күнү гана башталган.

Филипп грек королунун мураскери болгондугуна карабастан, ал принцессага пар келе турган жар катары каралган эмес. 1922-жылы эле анын бүт үй-бүлөсүн өлкөдөн кууп чыгышкан, ошондуктан болочок королеванын сүйүктүүсү байлыкка да, бийик статуска да ээ эмес болчу. Бирок, Георг VI нын кызы мындай нерселерге көңүл бурган жок. Алты жыл бою — Филипп согушта жүргөн кезде Елизавета ал менен кат алышып турду. Согуш аяктаган соң, сүйүшкөндөр үйлөнүүнү чечишет.

Король дароо макулдук бербейт, анткени ал дале болсо мураскерине мындан мыкты партия табылат деп үмүттөнүп жүргөн. 1946-жылы жайында үйлөнүү жөнүндө убадалашат: тырышчаак жана намыскөй Лилибет ойлогонуна жетет.

Жыл бою болочок королева тойго даярданат: анын көйнөгү 10 миң бермет мончогу менен жасалгаланып, атактуу дизайнер Норман Хартнелл тиккен. Көптөгөн метр фата менен кооздолгон көйнөк доордун үлгүсү болуп калган: согуш кыйынчылыктары эстен чыккандай болгон. Жаш принцесса жана анын жигити Великобританияны жаркын мезгилге карай баштагандай болушкан.

Таажы баасы

Албетте, Филипп кандай кызга үйлөнүп жаткандыгын эң сонун билип турган. Елизавета ушунчалык тез королева болуп калат деп, 1947-жылы эч кимдин оюна деле келген эмес. Ал кезде анын жубайы аскердик карьера жасап, ал эми Лилибет аны узак иш сапарларда коштоп жүрчү.

Тез эле алардын биринчи баласы – принц Чарльз төрөлөт, дагы эки жылдан соң, кызы Анна төрөлөт. Филипп аялынын үй-бүлөсүнө – өзүнө жана балдарына көп көңүл бурганын жактырат. Бирок, бул идиллия 1952-жылдын 6-февралында аяктайт. Король Георг VI кайтыш болуп, улуу кызы анын ордуна тактыны ээлейт.

Бул окуя Филипп үчүн бурулуштуу болуп калат. Себеби, күйөөсү эми Елизавета IIни дайыма коштоп жүрүшү керек болчу. Аk армияда кызмат кыла албай, ошол бойдон карьерасын жыйыштырат. Жубайлар көп конфликтке барышат: Австралиядагы иш сапарда репортерлор алардын бири-бирине кыйкырып жатышкан сүрөттөрүн тартып алууга жетишет. Ачуусу келген королева күйөөсүн теннистин ракеткасы менен урат. Фотографтарды байкашканда гана сүйүшкөн жубайлар эмоцияларын ооздуктай алышат.

Анын үстүнө, Филиппке ак-сарайда болуп жаткан нерселер жакпайт. Аристократтар дале болсо алардын алдында бир кезде өз өлкөсүнөн куулуп чыгып, жакырланган династиянын Лилибеттин күйөөсү ар кандай атайын джентльмендик клубдарга барууну адатка айлантат, өзүн плейбой (жүрөнөөк-оюнкараак) адам катары алып жүрө баштаган.

Елизавета II күйөөсүнүн катынпоздук жоруктарын жакшы билсе да, көз жумуп койчу. Чынында ал бул кезде өз ордуна татыктуу экенин Парламентке далилдеш үчүн жанталашып жүргөн, үй-бүлөлүк майда маселелерге киришкенге да чолосу жок болчу. 50-жылдардын орто ченинде жубайлардын ортосунда олуттуу кризис жаралган: Филипп өзүнүн бийик статустагы аялынын көлөкөсү болуудан жадагандыктан, «Британия» яхтасында турнеге чыккан. Алгач бир-эки жумага деп кеткени менен, дээрлик бир жылча кайра келбей койгон.

Бул кезде британиялык пресса монархтык үй-бүлөнүн маселесин гана талкуулап калгандай болгон. Ал тургай алардын ажырашып кеткени тууралуу да айың кептер жүрө баштаган. Бирок, Елизавета II үй-бүлөлүк бакыттан тек гана баш тартып коюудан алыс болчу. Бой көтөрүү дегенди эч ойлобой, ал жашыруун визит менен Португалияга барат. Ал жактан күйөөсүн таап, кайра үйүнө алып келе алат. Ушундан соң бул сүйүшкөн жубайлардын мамилелери убактылуу оңолот, а бирок, көп өтпөй эле Филипп баягы жүрөнөөк адатын тымызын уланта баштайт.

Эң башкысы үй-бүлөнү сактап калуу

Филипп узакка созулган деңиз круизинен кайтып келген соң, Елизавета II үй-бүлөсүнө көбүрөөк көңүл бура баштайт.

1959-жылы королеванын кайрадан боюнда бар экени билинет.

1960-жылы февралда уулу Эндрю төрөлөт. Дагы бир нече жылдан кийин жубайлардын кичүү уулу – Эдвард жарыкка келет.

90-жылдарда королдук үй-бүлөдөгү абал биротоло калыбына келет. Филипп менен Елизавета IIнин балдары чоңоюшуп, эми алар убакытты неберелери менен чогуу өткөрчү болушат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: