Menu

АКШ менен талибдер элдешүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту

Бөлүшүү:

Келишимге кол коюуга даярдык.

АКШ жана “Талибан” радикал кыймылы Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу, өлкөдө тынчтыкты орнотууну баштоо боюнча эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Катардын борбор калаасы Дохада өткөн кол коюу аземине Ооганстандын президенти Ашраф Гани, АКШнын коргоо министри Марк Эспер, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг катышты.

Бул документ – Кошмо Штаттар жана талибдердин 2018-жылдын октябрь айынан берки сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы. Ага ылайык, АКШ жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аскерлери талибдер өз милдеттенмелерин аткарган шартта Ооганстандан 14 айдын ичинде чыгып кетиши керек. Учурда Ооганстанда 13 миңдей америкалык аскер бар. Келишимге кол коюлгандан кийин 135 күндүн ичинде алардын саны 8600гө кыскарат деп күтүлүүдө.

Ооганстандын президенти бул келишимге коер алдында АКШ жана “Талибандын” макулдашуусу тынчтыкка алып келет үмүт артып жатканын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео талибдерди өз убадаларын аткарууга, “Ал-Каида”, “Ислам мамлекети” сыяктуу террордук топтор менен мамилесин үзүүгө чакырды.

Келишимге 2019-жылдын октябрь айында кол коюшары күтүлгөн. Бирок Кабулдагы теракттан америкалык аскер каза тапкандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тарткан. Сүйлөшүүлөр бир нече айдан кийин кайра башталган. 10 миңдеген адамдардын өмүрүн кыйган согуш 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк менен Вашингтондогу “Ал-Каиданын” кол салууларынан кийин башталган.

Учурда талибдер Ооганстан аймагынын теңинен ашыгын көзөмөлдөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: