Menu

Түркия Сириянын эки учагын атып түшүрдү

Бөлүшүү:

Түрк аскерлери жекшембиде Идлиб провинциясында Сирия аскердик аба күчтөрүнүн эки учагын атып түшүрдү.

Аймакта сирия президенти Башар Асаддын армиясы менен Түркия колдогон козголоңчулардын ортосунда согуш уланууда. Бул тууралуу Түркия Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Су-24 бомбалоочу учактары түрк учактарын атууга аракет жасаган маалда бутага алынган.

Сириялык SANA маалымат агенттигинин билдиришинче, эки учактын тең учкучу парашют менен секирип аман калды.

Социалдык түйүндөрдө учакка ракета тийген учур тартылып калган видео тарады.

Буга чейин дагы бир сириялык учак атып түшүрүлгөнү айтылган, бирок кийинчерээк ал түрк дрону экени аныкталды.

Түркия коргоо министри Хулуси Акар жекшембиде кабарлагандай, 27-февралда Идлибде 30дан ашуун түрк аскер кызматкери набыт болгондон кийин Түркия Сириянын түндүк батышында “Жазгы калкан” операциясын баштады.

Операциянын максаты – Асаддын армиясын түрк чек арасынан нары жылдыруу. Анкара жортуул орус аскерлерине эмес, Асаддын армиясына каршы багытталганын билдирүүдө.

Түркиянын пикиринде, Орусия колдогон Асаддын армиясы Идлибдеги жарашуу жараянынын шарттарын бузду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: