Menu

Өкмөт кант кызылчасынын калдыгы болуп саналган патокадан этанол даярдоо демилгесин көтөрүүдө

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев Кыргызстанда «Кайыңды кант» жана «Кошой» заводдору кант өндүрө турганын, анын калдыгы патока болуп саналарын эске салды. «Кара-Балта спирт заводу патоканы кайра иштетүүнү пландаштырууда. Анын калдыгынан этанол даярдаса болот», – деди ал.

Депутаттар биоотун чыгарылса, күйүүчү майдын наркы канчага арзандай турганына кызыгышты.

«Азыркы учурда бензиндин баасы 40 сом. Эгерде ага этанол кошсок, анын наркы 3 сомго төмөндөйт, бензиндин күйүүсү да жакшырып, экологиялык жактан кыйла тазарат», – деди баяндамачы.

Андан тышкары, ушу тапта күйүүчү майдын суткалык керектөө көлөмү 1,5 млн литрди түзө турганы белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: