Menu

Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин медициналык жардамга 22 адам кайрылган

Бөлүшүү:

Кечээки митингден кийин медициналык жардамга 22 жаран кайрылган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, жардамга кайрылгандардын 3сү жарандар, ал эми 19у күч кызматкерлери. 21 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жиберилген.

Улуттук оорукананын Нейротравма бөлүмүнө милициянын кызматкери жаткырылган. Анын мээси чайкалып, моюн омурткасынан жараат алган. Анын абалы туруктуу.

Белгилей кетсек, күн мурун Ала-Тоо аянтына өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген эл митингге чыгышкан. Митингдин эң башкы талабы –  саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу. Кечке жуук  митингдин катышуучуларынын бир тобу Ак үйдү көздөй бет алышып, алдынан тосуп чыккан милиционерлерди таш бараңга алышкан. Митингчилерди атайын багытттагы күч кызматкерлери суу аткыч менен атып, тарсылдак, куру дүрмөт граната ыргытып, элди кууп-тараткан.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: