Menu

Фото – КР Президентинин Аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү жана сот-укуктук реформаны мониторингдөө боюнча жумушчу топ ИИМ жетекчилиги менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү сот-укуктук реформаны мониторингдөө боюнча эксперттик жумушчу топ (ЭЖТ) менен бирге өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Сот-укуктук реформанын маанилүү мидеттеринин бири болуп саналган Бузуулар жөнүндө кодекстин жана Бузуулардын бирдиктүү реестринин (ББР), бузуулардын бирдиктүү статистикасын түзүүнү ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле катышуучулар Бузуулардын бирдиктүү реестрин «Коопсуз шаар» долбоору жана Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри (КЖБР) менен интеграциялоо, айыппулдар жана туумдар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу, накталай эмес эсеп-кысаптарды жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү, комиссиялык жыйымдарды оптималдаштыруу жана карасанатайлык менен салык төлөбөгөндөргө карата мажбурлап төлөтүү ыкмаларын аныктоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эксперттик жумушчу топ менен ИИМ эксперттери тарабынан Бузуулардын бирдиктүү реестри менен «Коопсуз шаар» долбоорун мониторингдөөгө байланыштуу ИИМ менен Бузуулардын бирдиктүү реестри боюнча туруктуу диалог аянтчасын уюштуруунун кайтарым байланыш механизмин түзүү жаатында чечим кабыл алынды.

Бузуулардын бирдиктүү реестри — реформанын жана анын бардык элементтерин түзүүчү сот-укуктук реформанын базасы жана пайдубалы болуп саналган кылмыштуулук боюнча жаңы мыйзамдардын маанилүү жаңылыгынын бири, жаңы институт экендиги белгиленди.

Мындан сырткары, «Коопсуз шаардын» жана жер-жерлерде чыр-чатактардын жана мыйзам бузуулардын алдын алуунун, болтурбоонун бир бөлүгү сыяктуу эле  бүт коомчулукка жайылтуучу пайдалуу коомдук долбоор болуп эсептелинет.

Ага 70тей маморгандар жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышып, иш жүзүндө элдин жана мамлекеттин турмушундагы дээрлик бардык чөйрөлөрү камтылат.

Бузуулардын бирдиктүү реестри — бул мамлекеттин укуктук саясатынын бөлүгү, майда кылмыштуулук менен күрөшүү, эл жашаган жерлерде күн сайын укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуу, жарандарды мыйзам бузуулардан коргоо, жол коопсуздугу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: