Бүгүн, 3-март күнү Биринчи май райондук сотундагы Кой-Таш окуялары боюнча алдын ала угууларга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келишти.
Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү соттук отурумга катыша турган ниетин билдирген.
Кой-Таш окуясы боюнча Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рыспеку уулу Карыпбек, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Капарбек уулу Нооруз, Какебаев Асангелди айыпталууда.
Атамбаевдин 5 тарапташы тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюшкан.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөт (конвой) департаментинин кызматкерлери Атамбаевди видеого жана сүрөткө тартууга уруксаат беришкен жок.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ