Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров УКМКга жекирилгенден кийин, ошол эле күнү кайра кое берилген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы журналисттерге билдирди.
Митинг болгон күнү, 2-мартта УКМКнын ыкчам иликтөө тобу экс-депутат Каныбек Осмоналиевди, Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровду, тарапкери А.Артыковду кармап, УКМКнын Тергөө башкармалыгына жеткиришкен.
3-мартта митингдин уютуруучуларынын бири, КР ЖК мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев Жазык кодексинин 39- жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү) боюнча кылмышка шектүү катары УКМК Тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2-мартта Ала-Тоо аянтына өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген эл митингге чыгышкан. Митингдин эң башкы талабы – саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу. Кечке жуук митингдин катышуучуларынын бир тобу Ак үйдү көздөй бет алышып, алдынан тосуп чыккан милиционерлерди таш бараңга алышкан. Митингчилерди атайын багытттагы күч кызматкерлери суу аткыч менен атып, тарсылдак, куру дүрмөт граната ыргытып, элди кууп-тараткан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ