Menu

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөнүүчү жардам катары 75 миң сомдон бөлүнөт

Бөлүшүү:

2020-жылдын 9-майында дүйнө коомчулугу 1941-1945-жылдардагы фашисттерге каршы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилейт. Жүз миңдеген кыргызстандыктар согуш майданында болуп көрбөгөндөй кайраттуулукту, туруктуулукту жана акыйкаттуу жеңишке болгон ишенимин көрсөтүшкөн.

Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмди жеңүүнүн бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин эске алып, кыргызстандык жоокерлердин улуу эрдигине терең урмат кылып, ардагерлерге алардын көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирип жана ошондой эле Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы Кыргызстанда бүткүл элдик майрам катары эң жогорку деңгээлде белгиленерин бир нече жолу билдирген. Советтик жоокердин эрдиги эч качан унутулбай турганын баса белгилеген.

2020-жылдын 4-мартына карата маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт.

Алардын ичинен:

65 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;

153 — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

15 — Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар;

18 — 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоодо калган Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчоодогу Ленинград тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогоруда айтылган ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берилип келет. Жеңилдиктердин ордуна берилген акчалай компенсациянын көлөмү айына 7000 (жети миң) сом.

Ошондой эле 2010-жылдын 1-январынан тартып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10 000 (он миң) сомду түзөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана Президенттин стипендиясынан сырткары ай сайын пенсия алышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: