Menu

Димитар Стойков, АКШнын Эл аралык Республикалык институтунун Кыргызстандагы өкүлү: “Кыргызстандагы саясий күчтөр өздөрүн дээрлик дискредитациялап бүтүштү”

Бөлүшүү:

АКШнын Эл аралык Республикалык институту (мындан ары IRI – ЭРИ) Кыргызстандын бир нече маанилүү тармактарында ачык-айкын сурамжылоо жүргүзүп, аларга карата коомчулуктун ой-пикирлерин – баасын абдан дыкаат байкаштырды. Ошондуктан, дал ушул кеңири алкакты камтыган ар тараптуу иликтөөнүн жыйынтыгын жана мунун чоо-жайын IRI – ЭРИнин өлкөбүздөгү директору Димитар Стойковдондон капыл-тапыл сураштырдык.

– Димитар мырза, куттуу Кыргыз жергесине куш келипсиз! АКШнын Сиз жетектеген Эл аралык Республикалык институтунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн мекендеш шайлоочуларыбызды дыкаат сурамжылоосу ириде эмнелерди катуу ашкереледи?

– Алишер, биздин бул сурамжылообузга эң активдүү аралашкандар Кыргызстанда ЖЕМКОРЛУК жана ЖУМУШСУЗДУК апогейине – туу чокусуна жеткендигин биротоло ырастады. Иликтөөбүзгө катышкандардын дээрлик 87 пайызы баягыл эле ЖЕМКОРЛУК балакети ачыктан ачык кендирди кесип, ого бетер гүлдөп гана бараткандыгын моюндашты. А калкыбыздын 92 пайызы жемкорлук акыркы жылдарда Кыргызстандын сакайгыс башоорутмасына айлангандыгын дегеле жашырышкан жок! Анан алар бул өңүттө мамлекет жетекчилиги өтө эле жеткиликсиз иш жүрүгүзүп жатышкандыгын дагы баса белгилешти.

– Анан калса бул иликтөөңүздөрдүн жүрүшүндө дагы эмнелерди өзгөчө байкадыңыздар?

– Биздин баамыбызда, Кыргызстандагы дээрлик бардык саясий күчтөр өздөрүн дискретизациялап бүтүшүптүр. Дал ушунун кесепетинен карапайым калк буларга – саясий күчтөргө таптакыр эле ишенишпей калышыптыр. Албетте, бул өтө опурталдуу коңгуроо! Андыктан, бул олуттуу эскертүүдөн Кыргызстандын бардык саясий күчтөрү ачуу сабак алышып, оркойгон катачылыктарын чукул арада оңдоп-түзөшүп, анан дагы бара-бара өз ара биригишип-ирилешип, шайлочулардын идиректүү ой-пикирлери менен токтоосуз түрдө эсептешүүгө тийиш!

Мындан тышкары кыргызстандыктар мындан ары Жогорку Кеңеш депутаттары округдардан – аймактардан гана шайланышы зарыл деп эсептешет. Алардын оюна караганда, акыркы жылдарда Батыш жана Америка таңуулаган шайлоо системасы өзүн-өзү дээрлик актаган жок! Тескерисинче, эл-журттун, а түгүл үй-бүлөлөрдүн дагы ич ара бөлүнүп-жарылуусун – ырктын биротоло бузулушун гана ого бетер күчөттү. Мындан башкага жараган жок!

– Сиздердин баамыңыздарда, биздин мекендештерибиз маалымат булактары сыңары көбүнэсе эмнелерге бекем таянышат экен?

– Биз сурамжылагандардын дээрлик бардыгы “Азаттык” үналгысын үзгүлтүксүз тыңдашат экен. Ал эми 58 пайызы интернет булактарын такай урунушса, дагы 63 пайызы социалдык түйүндөрдү, “Фейсбук” жана “Инстаграмды” кадимкидей эле пайдаланышат турбайбы.

– Баса, Сиздер сурамжылаган жарандар өтө олуттуу көйгөйлөрүн деле жашырышпагандыр?

– Ооба. Таптакыр сапатсыз жолдор, медициналык тейлөө, — мектептердеги жеткиликсиз билим берүү, бөбөктөрдү бала бакчаларга жайланыштыруудагы жемкорлук дагыле көпчүлүгүнүн кендирин катуу кесип жатыптыр. Айрыкча Ош шаарында үй салуу үчүн жер тилкесине ээ болуу кадимкидей азап экен. Жалпылап айтканда, бажы, МАИ жана сот органдары Кыргызстанда жемкорлуктун чыныгы уюгуна гана айланыптыр.

– Димитар мырза, дегиңкиси Сиздин бул айткандарыңыз жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий бийлиги билеби, ыя?

– Албетте! Биз мобул коомдук ой-пикирлерди изилдөөлөрүбүздүн корутундусун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өз колуна карматтык. Ошондой эле президенттин аппаратына дагы өзүнчө тапшырдык. Эми булар мындан кандай жыйынтык чыгарышат? Муну мен так жана кесе айта албаймын. Анын үстүнө буга кийлигишкенге биздин акыбыз деле жок!

Бирок, азыркы Кыргыз бийлиги бир нерсени көңүлүнө бекем тутууга тийиш! Чукул арада шайлоо чөлкөмдөрүн (тилкелерин) азыркыдан дагы өтө майдалаш керек! Ошондо гана буларды такай көзөмөлдөө абдан жеңил болот. Анан дагы мындайда шайлоонун жыйынтыктарын фальсификациялоого – бурмалоого таптакыр мүмкүн эмес! Анткени, чоң-кичине шайлоо тилкелерин жарандар өздөрү жана кызыкдар тараптар сөзсүз түрдө такай көзөмөлдөп турушат. Алардын көзүн кантип жазгырасың?!? Мындай шарт шайлоо чыр-чатактарын дагы кыйла эле азайтат.

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: