Menu

Социалдык тармактарда “дүжүр” митингчилердин сүрөттөрү жарыяланып, кызуу талкууга алынууда

Бөлүшүү:

Социалдык тармактардын колдонуучулары 2-марттагы Садыр Жапаровду абактан бошотуу талабы менен өткөн митингдеги “дүжүр” митингчилерди аныктап чыгышты.

Фейсбук социалдык тармагынынын колдонуучулары митингге катышкан кээ бир адамдардын сүрөттөрүн жарыялап, башка көптөгөн митингдерде катышып жүргөн “дүжүр” митингчилерди аныкташкан.

Мисалы, Фейсбук колдонуучу Искен Афиджанов улгайган аялдын сүрөтүн жарыялап: “Кечээ Садыр Жапаровдун митингинде, бүгүн болсо, Атамбаевдин сотунда” – деп жазган.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=3052261614836273&set=a.826086300787160&type=3&eid=ARBoM9pp3dI8f3C3kxcHtGoNzzyjeXwegub2QAkIVi3dSOk2oiXUzs4QlXreJD0Z_sjJujmF1505HxQI

Социалдык тармактын дагы бир колдонуучу Малик Ахметов “Компромат” группасына төмөндөгүдөй сүрөттү жарыялаган.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=221859275622123&set=pcb.1930902647034662&type=3&ifg=1&__tn__=HH-R&eid=ARCRwR9kP61JVhZvr6Fd8lGE1PDFWyw2PK5PRS6GgvForCIU1scy5_APq76PO0xd4PqaHnZ2JErOwud9

Ал 2-марттагы митингге катышкан аял Алмазбек Атамбаевди колдоо акцияларына дагы катышып жүргөнүн айткан. Бирок, эл сүрөттөрдөгү аял эки башка адам экенин айтып, көп ишенишкен жок.

Белгилей кетсек, 2-мартта Ала-Тоо аянтына өлкөнүн ар кайсы аймагынан келген эл митингге чыгышкан. Митингдин эң башкы талабы –  саясатчы Садыр Жапаровду абактан бошотуу.

Митинг саат 11:00дө башталып, күн батканга чейин уланган. Кечке жуук митингдин катышуучуларынын бир тобу Ак үйдү көздөй бет алышып, алдынан тосуп чыккан милиционерлерди таш бараңга алышкан. Митингчилерди атайын багытттагы күч кызматкерлери суу аткыч менен атып, тарсылдак, куру дүрмөт граната ыргытып, элди кууп-тараткан.

Ала-Тоо аянтындагы митингден 166 адам кармалып, 162нин өздүгү такталгандан кийин кое берилген. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 4 жаран камакка алынган. Ошондой эле митингден кийин медициналык жардамга 22 адам кайрылган. Анын 19у милициянын кызматкерлери.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: