Menu

Штаб: Коронавирустан сактануу үчүн Кыргызстанда массалык иш-чараларды чектөө зарыл

Бөлүшүү:

Коронавирустун алдын алуу штабы жарандарга эл көп чогулуучу жерлерге барбай, массалык иш-чараларды чектөөнү сунуштады. Бул сунуш жугуштуу илдеттин өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында берилип жатканы штабдын 4-марттагы жыйынында айтылды.

Жыйында ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен айрым эл көп чогулуучу иш-чаралар токтотулганы жөнүндө да кабарланды. Сунуш бардык жергиликтүү бийлик башчыларына тааныштырылган.

Штабдын мүчөлөрү жарандарды соцтармактарда коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырышууда.

Штабдын маалыматы боюнча, 4-мартка карата өлкөдө коронавируска чалдыккандар катталган жок.

Оорунун алдын алуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн көзөмөл сакталган. Тиешелүү кызматтар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз байланышта иштеп жатышат.

Аба компаниялар менен сырттан келген жүргүнчүлөрдү учактын ичинен эле текшерип чыгаруу маселеси макулдашылды.

Өлкөгө кирүү үчүн кыргызстандыктар сөзсүз түрдө жалпы жарандык паспортун көрсөтүүгө тийиш. Андай паспорту жоктор милдеттүү түрдө көзөмөл бөлмөсү аркылуу өткөрүлөт.

Эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөр: Кытай, Иран, Италия, Жапония, Түштүк Кореяда акыркы бир ай учурунда болгон чет өлкөлүктөр өлкөгө киргизилбейт. Кыргызстандыктар эки жумалык карантинге алынышат.

Жеке гигиенаны бекем сактап, оорудан сактануу жана коронавирус тууралуу мектеп, окуу жайларда түшүндүрмө берүү билим берүү министрлигине жүктөлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: