Menu

Жылдыз Мусабекова, ЖКнын депутаты: “Эс алуучу жайларга союз учурундагыдай китеп саткан күркөлөрдү койсок…”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-март күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова эс алуучу жайларга союз учурундагыдай китеп саткан күркөлөрдү коюуну сунуштады.

Ал акыркы жалдыра шаарлар жашылдандырылып, көркүнө чыгып, мыйзамсыз курулган курулуштар алынып, тазаланып жатканын белгиледи. Айрыкча, Бишкек шаары күндөн-күнгө көркүнө чыгып, кулпуруп жатканын айтып, мэрияга ыраазылык айтып өттү. Депутат айым ошол эе учурда кемчиликтерин дагы атап өттү.

“Көчөлөргө чыксаң, эс алуучу жайларга барсаң жалаң эле балмуздак, тамак-аш, тез татым саткан күркөлөрдү көрөсүң. Ошолорду карап” кыргыз эли жалаң эле кара курсактын айы менен көчөдө жүргөнсүйбү деп ойлойсуң. Ошондуктан, эл көп чогулган жерлерге, борбордук көчөлөргө союз учурундагы китеп, гезит, калем, кагаз саткан күркөлөрдү койсок. Баасы дагы элдин чөнтөгүнө чак келгендей болсун. Албетте калаада китеп дүкөндөр жок эмес, бар бирок алардын баалары асмандын башына чыгат. Бийлик, мэрия тазалыкка гана үндөбөстөн, агартуучулукка дагы үндөшү керек” – деп билдирди депутат.

Депутат ошол күркөлөрдү көп балалуу, колунда жок адамдарга арзан баада берүүнү сунуштады.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: