Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылып, чала тааныш аялга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымы боюнча, ал чала тааныш аял өзүн жеке компаниянын өкүлү катары тааныштырып, ишеничке кирип, эселеп көбөйтүп берем деген убада менен ири суммадагы акча каражатын алып, качып кеткен. Учурда акчанын суммасы такталууда.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында кылмышка шектүү катары 46 жаштагы Б.К. аттуу аял кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда дагы ушундай мүнөздөгү арыз менен 5 адам кайрылган. Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ