Menu

Видео – “Жер үй” алтын кениндеги афёраны АКШдагы кыргыздар да көтөрдү. Депутат Рыскелди Момбековдун жообу: “Жер үйдө $5 миллиард алтын бар, а биз $100 миллионго эле сатканбыз”

Бөлүшүү:

КР ЖКнын депутаттары Алмаз Эргешов, Рыскелди Момбеков, Марлен Маматалиевдер АКШга болгон сапарында ал жерде жашашкан кыргыз диаспорасы менен жолугушушкан. Жолугушуу учурунда америкалык кыргыздар Жер үй алтын кени тууралу көйгөйдү көтөрүшкөн.

“”Жер үй” алтын кени боюнча мени Таластык жердештерим, позицияңды айтпай качып жатасын деп кыйнашты. Мен айттым “Жер үйдөгү алтындын кору бул элдин шору” деп. “Жер үй” алтын кенинде 105 тонна алтындын запасы бар, жалпы баасы – $5 миллиард, биз аны $100 миллион эле долларга сатканбыз… Азыр Айбек Бусурманкулов деген Таластык жаш активист бул маселени көтөрүп чыгып жатат”, – деп билдирди Таластык депутат Рыскелди Момбеков АКШдагы кыргыз диаспорасынын алдында.

Эсиңиздерге сала кетсек, $5 миллиард алтын запасы бар Жерүй алтын кенин 2015-жылы президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев Россиялык миллиардер чечен Муса Бажаевге $100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Бул албетте расмий ачык айтылганы. Чындыгында канчага сатылды, аны укук коргоо органдары гана аныктай алат. Ошондой эле Атамбаев менен Темир Сариев 105 тонна алтыны бар Жер үй кенинин 100%ын тең чечендерге беришип, кыргыздарга 1% да үлүш калтырышкан эмес. Өндүрулгөн 105 тонна алтындын 1 килограммы да кыргызга берилбейт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: