Menu

Видео – Бишкекте айдоочу балалуу аялды жулкулдатып маршруткадан түшүрүп салган

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-март күнү Бишкекте №185 маршрутканын айдоочусу балалуу аялды коляскасы менен кирген үчүн унаадан түшүрүп салган. Окуяга күбө болгон жарандар видеого тартып, социалдык тармактарга жүктөгөн.

Күбөлөрдүн айтымы боюнча, маршруткага баланын коляскасы менен түшкөн аялды айдоочу жулмалап, унаадан түшүрүп салган. Айдоочунун ою боюнча ал коляскасы менен кирип, көп орун ээлеген. Мындан улам маршруткага башка адамдар кире албай калган. Күбөлөр коляска жыйналып, эч кимге тоскоолдук жараткан эместигин белгилеп, балалуу аял туруп турганын айтышкан.

Айдоочу аялдын колундагы баланын ыйлап жатканына карабай, ордунан тура калып, жаш энени жулмалап, маршруткадан түшүрүп салган.

Айдоочулардын маданиятсыздыгын, оройлугун көп эле кездештиребиз. Бири кечкисин жол кирени эки эсеге көтөрсө, бири унаадан чыкпай заара ушатса, бири жаш энени жулкулдатып, ыйлап жаткан баласына карабай унаадан түшүрүп салса… Мындай маданиятсыз, орой мамиле жасаган айдоочуларга кандай чара көрүлөт?

https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/527506281230100/

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: