Menu

Муфтият: Мечиттерди таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо тапшырмасы берилди

Бөлүшүү:

Муфтият коронавирустун алдын алуу максатында дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бонча тапшырмаларды берди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы бүгүн, 6-март күнү билдирди.

“Өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында, сабактарда жана ошондой эле жыйындарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилди” – деп айтылат маалыматта.

Муну менен катар Муфтият республикадагы бардык мечиттерди таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо жана калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык коронавирустан коргонуунун жолдорун эске алууга чакырат.

1) Колду самындап жуу же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонуу;

2) Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду кагаз бет аарчы  же чыканак менен тосуу;

3) Дем алуу жолдорунун курч вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташуудан жана кол алышуудан кармануу;

4) Курч респиратордук вирустук инфекциянын  белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынуу;

5) Бөлмөнү тез-тезден желдетүү жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап туруу;

6) эт жана жумуртканы жакшылап бышыргандан кийин гана колдонуу;

7) Эгер дене табы жогорулап, жөтөлүү пайда болуп, дем алуу кыйындаса, тезинен дарыгерге кайрылуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: