Menu

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер: “Отунбаева менен Атамбаев СДПК, “Ата-Мекен” жана башка партиялар аркылуу Кыргыз мамлекетин биротоло жок болуу жолуна салып таштады”

Бөлүшүү:

– Дастан Исламович, Өзбекстан 3 жылда алдыга секирик жасаганын Европа уюмдары белгилеп суктанды. Армения 1 эле жылда коррупцияга каршы 20 360 кылмыш иш ачып, бюджетке 105 миллион доллар (7,4 млрд сом) кайтарып, ички дүң продукцияны 8,2% көбөйтүп, салыкты 1 млрд доллар кошумча чогултуп, мугалимдердин айлыгын 25%, врачтардын айлыгын 30% көтөрдү. 22 жаңы мектеп, 8 колледж куруп бүттү. 2019-жылы 9 жаңы заводду ишке киргизип, 2650 жаңы жумуш орун ачты. Эмне үчүн бизде андай ийгиликтер байкалбайт?

– Отунбаева менен Атамбаев СДПК, “Республика”, “Ата-Мекен”, “Өнүгүү” жана башка саясий партиялар аркылуу Кыргыз мамлекетин биротоло жок болуу жолуна салып таштады. 2018-2019-жылдары өлкөбүз ошол жол менен жүрүп, туңгуюкка келгенин президент өзү айтпадыбы…

– Эми кандай кадам ташташ керек?

– 2011-2019-жылдар аралыгында баскан жол менен кете берсек өлкө туңгуюкка кулап кетиши мүмкүн… Түбү жок туңгуюктан эч ким чыга алган эмес. Демек, эски жолдон баш тартып, жаңы жолго түшүү зарыл. Канчалык эрте болсо, ошончо жакшы, элге жеңил, азабы азыраак болот эле…

– Жаңы жолду ким көрсөтүп, ким аныктайт?

– Президенттин ою, эрки, кудурети жетип, эл ичинен таза, мекенчил, тажрыйбалуу жакшыларды чогултуп, курултай өткөрүп, эл менен кеңешип, акылын угуп, электен өткөрсө жаңы жолдун багыттары көрүнө баштайт эле. Өзүн элден өйдө коюп, эл менен эсептешпей, элдин сөзүн укпай, керсейген президенттердин тагдыры кейиштүү болбодубу…

– Чексиз бийликке жетип, көзүн май басып, кулагы кошоматчылардын таттуу сөзүн гана угуп, буту жер менен баспай, асманда учуп калган президенттердин кулап түшкөнүн көрдүк. Акыркысы абакта жатат. Сабак болбой жатпайбы?

– Элге да, бийлик башындагыларга да бул сабак болуп, кайталанбасын деген тилекте эл менен кеңешүүнү сунуштап жатабыз да…

– Коронавирус илдетинен Кытай менен чекара жабылып, бажы төлөмдөр азайып, баалар өсүп, бир жагынан кургакчылык күчөп, алдыдагы мезгил оор болчудай болуп турат. Демек, көйгөйлөр көбөйүп, кыйынчылыктардын алдын алуу аракеттери байкалбагансыйт…

– Турмуш менен мезгилди эч ким алдай албайт турбайбы. Эми жаңы жолго кайрылсак, гезиттер байма-бай ой-пикир, сунуштарды жарыялап жатат. “Эл – көрөгөч” дегендей, жүйөлүү сунуштар арбын. Ошолорго таянып жаңы жолду издөө бүгүн тагдыр чечкен маселе болуп калды.

– 2002-жылы “Ордо” гезити эгемен доордо биринчи болуп Элдик Курултай жөнүндө сиздин макалаңызды баскан эле. 18 жыл бою Элдик Курултайды Башмыйзамга киргизүү жөнүндө айтып келатасыз. Көбү муну таш дооруна кайрылуу деп сизди сындаганын билебиз. Курултайдын сыры эмнеде?

– Бабаларыбыз илгери эле “Бийлик Жаратканда, андан кийин элде” деп олуттуу маселелерди Элдик Курултайда карап, чечип келген экен. Кийинки 28 жылда президенттер, депутаттар, министрлер эл алдында эгерим эч нерсеге, эч качан жооп бербей, Үзөңгү-Куушту Кытайга, Каркыраны Казакстанга берди, “Кумтөрдү” чет өлкөлүктөргө карматып жиберди, айыл-чарба, өнөр жайды талкалады, эл байлыгын тоноп, уурдап талады, 1 миллион кыргызды тентитти, кыйнап азапка салды, коррупцияны Башмыйзамдан да бийик көтөрүп, чиновниктердин, сот-прокурорлордун киреше булагына айлантты. Анысы аз келгенсип, Атамбаев элди “баран”,“малсыңар”, “катынсыңар”, “эл эмессиңер”, “Абыке-Көбөштүн тукумусуңар” деп мазактап, Кыргызстанды туңгуюкка алып келди. Эгерде жылына бир жолу президент жалпы элге, эл шайлаган Курултайга отчёт берип, өз ишине Элдик Курултайдан “канааттандырылсын” же “канааттандырылбасын” (кызматынан кетсин) деген баа алып турса, Аксы эли атылбайт эле, бир да ыңкылап болбойт болчу, бир млн кыргыз тентибейт эле, коррупция гүлдөп, өсүп, элди сары чырмооктой басып, канын ичпейт эле, өлкөдө адилет, калыстык орноп, кыргыз бактылуу, ыймандуу, адептүү турмуш-тиричиликте жашайт эле.

– Элдик Курултайды Башмыйзамга киргизүүгө кимдер каршы?

– Бийликке жеткен президенттер, депутаттар, саясатчылар каршы.

– Эмне үчүн?

– Анткени, алар жакшы билет, эгерде ар бир жылда Элдик Курултайга отчёт берип, ишине баа алып турса, анда эл байлыгын уурдап, жей албай калат, секретарь, шопур, жансакчысын министр, прокурор, Бишкектин мэри кыла албайт, аялы, балдары, инилери өлкө башкарууга аралашпай калат. Анда өзүлөрү күн-түнү ден-соолугун жоготуп, күндө 15-17 саат иштегенге аргасыз болот, урук-туугандарын, жердештерин “майлуу-сүттүү” кызматтарга коё албай калат. Эптеп бийликке жетсе, “колго түшкөн коёнду, коё берсе болобу” деген ой өлкө тагдырынан, элдин келечегинен бийик болуп жатпайбы…

– Сиз муну жалпылап айтып жатасыз да?

– Мурунку бийлик Кыргыз мамлекетин менчиктештирип алганда, Бакиев ишенимдүү айткан: “Элдик Курултайды Башмыйзамга киргизбесе болбойт экен” деп. Эки айдан кийин (бийликке жеткенде) айнып, “Жер басып алуу токтобой жатат, Элдик Курултайды кийин Башмыйзамга киргизебиз” деп койду. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу Өкмөткө 6 жолу кат менен кайрылдым, Текебаевге жолугуп, араң Башмыйзамга “Элдик Курултайдын чечимдери сунуш катары жиберилет” деген 52-беренеге бир пункт кошконго макул болду.

— 2010-жылы 6-апрель күнү Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Сариев жана башкалар 7-апрель күнү партияларынын съездине эмес, Элдик Курултайга чакырганын баарыбыз жакшы билебиз го?

– Партияларынын съездине чакырса, эл көп келбесин билип, Элдик Курултайга чакырышпадыбы. 8-9-апрелде дароо Элдик Курултайды унутушту…

– Сизге Убактылуу Өкмөттүн кеңешчиси болуңуз деп сунушталганы айтылып жүрөт. Чынбы?

– Эдил Байсалов телефон чалып сунуштаган, бирок мен баш тартып койгом. “Кан менен келген, кан менен кетет” деген илгертен калган сөз бар. Атамбаев 7-8-августта кан төгүп, 250 кишини жабыркатып, миң адамды Бишкектин көчөлөрүнө чагарып, ызы-чуу менен кетпедиби…

– Өнүгуү, жаңы жолдун дагы кандай багыттарын колго алса болот?

– Өкмөттү толук жоюп, бүт жоопкерчиликти президентке жүктөп, Жогорку Кеңештин санын 45 кылып, кол тийбестикти баарынан алып салып, район-облустардын ордуна ирилештирилген 13-15 аймак түзүп, айыл өкмөттөрдүн укугун (жана жоопкерчилигин) 3-4 эсе көтөрүп, министрликтердин санын 18-20дан ашырбай, Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу округдардан шайлап (саясий партиялар эл катары эле бир мандаттуу округдардан шайлансын), ар бир жылы Президент, Жогорку сот, Жогорку Кеңеш, Башпрокурор, Эсеп палата жетекчилери Элдик Курултайга отчёт берип, ишине баа алып турса – коррупция тыйылат, эл турмушу оңолот.

– Анда Башмыйзам дагы өзгөрүлөбү?

– Башмыйзам 11 жолу Акаев, сыртынан соттолгон Бакиев, абакта жаткан Атамбаев үчүн өзгөртүлсө болот, ал эми бир жолу кыргыз эли үчүн өзгөртсө болбой калабы?

– Сот реформасы кандай уланат?

– Бабаларыбыз илгери эле сот адилетин орноткон. Бийлер эл тарабынан шайланган. Эң чоң көйгөй – Жогорку Кеңеш 28 жылда кабыл алган мыйзамдардын бирине да түшүндүрмө-чечмелөө иштеп чыккан эмес. Ошол үчүн 28 жыл бою мыйзам, кодекстерди сот, прокурор, тергөөчү, салыкчы, бажычы жана башка бийлик өкүлдөрү өз пайдасына ылайык бурмалап, чечмелеп келатышат. Бул – коррупциянын башаты, соолубаган булагы. Башмыйзамга бир эле сүйлөм кошсо: “Жогорку Кеңеш тарабынан чечмелөө – түшүндүрмө (толкование) мыйзамга тиркелбесе, ал мыйзам күчүнө кирбейт” деген, коррупция соолуп жок болот. Батыш өлкөлөрүндө мыйзам 5 барактан турса, анын “толкованиеси” 1-2 миң барактан турат. Мындай мыйзамды бир дагы чиновник, сот, прокурор, тергөөчү, салыкчы өз кызыкчылыгына бурмалай албайт.

– Анда Жогорку Кеңештин депутаттары өлүп-талып күнүнө 15 сааттан иштегенге аргасыз болобу?

– Кыргызстандын депутаттары жеке бизнесин калкалап, гүлдөтүп, элге акыл үйрөтүп, өкмөт мүчөлөрүн тепкилеп, “мүлжүп”, сансыз комиссия түзүп, сый конок болуп чет өлкөлөргө саякаттап, 5 кодексти окубай, бир күндө кабыл алып, президенттерге жагынып жаман көнүп алышкан. Аягында мамлекет туңгуюкка келгенин президент өзү моюнуна албадыбы…

– Саясий партиялар эмне болот?

– Акаевдин “Алга Кыргызстан”, Бакиевдин “Акжол”, Атамбаевдин СДПК саясий партиялары 28 жыл бою эл байлыгын уурдап, эл казнасын тоноп, мамлекетибизди талкалап, баары биригип 30 млрд доллар байлык топтоп, өлкөбүздү кыйроо чегине жеткизип, коррупцияга Кыргызстанды кекиртегине чейин батырып койгону жалпыбызга сабак болбой, мамлекет тагдырын арам жол менен байыган көпөс-олигархтар чампалап түзө койгон саясий шумпай, шылуун, шүмшүк партиялардын колуна дагы 4 жылга берсек, кыргыз элин толук мигрант кылып тентитип жибербейби… Кытай Компартиясы 2011-2017-жылдары 2 съезд, 6 пленум өткөрүп, ВСНПга (жалпы Кытай эл өкүлдөрүнө 3000 делегаттан турган Элдик Курултайга) 2 жолу отчёт берди. Атамбаевдин СДПКсы бир дагы съезд, бир дагы пленум өткөргөн жок, бирок кыргыз элин 2 млрд доллар акчага карыз кылып, эч кимиси жооп берген жок. Анткени саясий партиялардын ишин эл үчүн, мамлекет үчүн, келечек үчүн багыттап, жоопкерчилигин карап тартипке чакырган бир дагы мыйзам жок жана өткөн 9 жылда андай мыйзам кабыл алынган эмес. Андай мыйзам кабыл алынбайт, себеби партия жетекчилери ага каршы. 2011-2017-жылдары эл тагдырын чечкен Атамбаев абакта, Бабановго 8 кылмыш иши козголгон, калган жетекчилери соттолду… Ушундай окуялар улана берсин деп, эски жол менен кетип, саясий партияларды шайлай берелиби?..

– “Кыргызалтынды” 11 млн доллары менен өткөрүп бергениңизден бери 21 жыл өтүптүр. Анын бир жылында Мамкатчы кызматын аткарып, калган 20 жыл эмне иш кылып жүрдүңүз?

– Кыргыз тарыхын илимий изилдеп, палеолингвистика илими аркылуу анын 150 миң жылын, палеоастрономия илими аркылуу – 50 миң жылын, палеогенетика илими аркылуу – 30 миң жылын, дөбө маданият илими аркылуу — 7 миң жылын талашсыз далилдеген китепти 2018-жылы жазып басмадан чыгардым (бул китепте божомол, мүмкүн деген сөздөр жок). Бүгүн түрк тилине которулуп бүттү. Чыңгызхан, Тамерлан, Бабур, Акбар,Ата-түрк, Рузвельт, Ганди, Де Голь, Дэн-Сяо-Пин, Тэтчер, Хатами, Накасоне, Махатхир, Манделла ж.б. өмүр жолун, элине кылган кызматын терең изилдеп, сабак алып, 14 китеп, 17 эл аралык илимий макала жазып, улут алдында карызымды аз болсо да кайрып бергенге аракет кылдым.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: