Menu

Видео – Бакай Кашкарбаев, Садыр Жапаровдун тарапкери: “2-марттагы митингден кийинки провокацияны Тоңдон келген Рустам атту бала баштады”

Бөлүшүү:

“Мен азыр Американын элчилигинен чыктым, биздин кыймылга куугунтук болуп жатат. Баягы күнү ООНго да жазгам. 2-марттагы митингден кийин провокаторлор атайын провокация уюштурду. Кечки саат 18:00 болуп калган, Тоңдон келген Рустам аттуу бала баштады провокацияны. Анын видеосу интернетте деле жүрөт. Мен азыр УКМКга суракка бара жатам. Кыргыз элим билсин: бул провокацияны кайсы бир топ атайын уюштурган, ал топ кимдер экенин тергөө аныктасын”, – деп билдирди бүгүн, 6-мартта Садыр Жапаровду колдоо митингинин уюштуруучуларынын бири Бакай Кашкарбаев.

“Апа, сар-санаа болбо, баары жакшы болот. Атыр, балдарым, Наиля кызым сар-санаа болбогула, баары жайында болот. Эми кудайдын жазганын көрөбүз. Биз акыйкат, чындык үчүн күрөштүк. Биз бийлик талашканы барган эмеспиз. Биз Садыр Жапаровду талашып бардык ал жакка”, – деди Бакай Кашкарбаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: