Menu

Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко өттү. Тергөөчүлөр эмнелерди тактады?

Бөлүшүү:

2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши жети айда иликтенип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Алгачкы соттук отурумдар башталды. Кимдер айыпталып жатканы жана бизге белгисиз болгон жаңылыктар билинди.

Айыптоочулардын белгилөөсү боюнча, Алмазбек Атамбаев жана анын тегерегиндегилер 2019-жылы июнь айында бышып жетилген. Ага чейин Атамбаевге санаалаш болгон бир нече адам кылмыш кодексинин турдүү беренелери менен темир тор артына киргизилген. Алардын катарында Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Айбек Калиев ж.б. бир төп чоң чиновниктер болгон. Тергөө органдары Атамбаевдин кылмыштуу иштерин иликтеп, Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттик статусунан ажыратуу демилгесин көтөргөн. Бул коркунучтардан кутулуу максатында Атамбаев төңкөрүш жасоо аракетине өткөн дейт ишти иликтөөчүлөр.

Тергөөчүлөрдүн айтуусу боюнча, кыйдырланды түзгөндөр – президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, КСДПнын басма сөзүн жетектеген Кундуз Жолдубаева, парламент депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина, УКМКнын кызматкери Канат Сагымбаев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов, мурдагы депутаттар Мээрбек Мискенбаев жана Равшан Жээнбековдор болгон. Тизмедеги акыркы адам мурда Атамбаевдин бийлигине оппозиция болуп жүргөндүгүнө карабастан, мурдагы президентке ыктап, бүгүнкү бийликке каршы сүйлөй баштаган.

Төңкөрүштөн кийин «катышуучулардын кимиси кайсы кызматка келерин Атамбаев алдын-ала бөлүштүргөн» деген айыптоочулар Кой-Таш айылындагы өзүнүн үйүндө Атамбаев июль айында кезектеги жолугушуу өткөрүп жатып, бийликти басып алуу боюнча пландын кадамдарын тизмектегенин, жыйынга Ниязов, Жээнбеков, Жолдубаева, Кодуранова, Карамушкина, Мискенбаев, Кылычов, Сагынбаев ж.б. катышканын, план төмөндөгүдөй түзүлгөнүн белгилешти;

3-июлда Атамбаевдин «Медиа Форумдун» алдына 8 миңден 10 миңге чейин адам чогултуп, алардын катарында атчандарды жыйнап, ок атуучу курал-жарактар менен камсыздоо планы болгон. Чогулгандар УКМКга барып, темир торго киргизилген бир нече кишини: Исаков, Кулматов, Ибраимов ж.б. күч менен бошотмок. Андан соң ИИМ менен Жогорку Кеңештин имаратын басып алмай болушкан. Ал иштер аткарылгандан кийин депутаттарды кезексиз жыйынга чакырып, Жогорку Кеңеш таратылганын жарыялап, жаңы шайлоонун датасын белгилемек. Бирок, 3-июлдагы митингде тийиштүү киши чогулбай калып, бийликти төңкөрүү планы 4-сентябрга которулган.

Төңкөрүшкө карай жол

Айыптоочулар 7-августтагы окуяга Атамбаев жана анын тарапташтары алдын-ала даярданганын айтышты. Кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча УКМК бир нече ирет суракка чакырганына Атамбаев келбей, башаламандык уюштуруу планын түзгөн. Жыйынтыгында, УКМКнын 40 кызматкери жаракат алып, айрымдарына ок тийген. «Альфанын» 6 жоокери 16 саатка, 8-августка чейин барымтага алынган. Атамбаевдин тарапташтары күч органдарынан 14 автоматты 1680 огу менен, 18 помпалык курал, 15 тапанчаны 435 огу менен карактаган. Айыптоочулардын белгилөөсү боюнча, Атамбаевдин тарапташтары бул куралдарды бийликти күч менен басып алууга колдонмок болгон.

Иликтөөчүлөрдүн версиясына караганда, УКМК кызматкерлери барымтага алынгандан кийин Атамбаев 3-кабаттагы өзүнүн бункеринде чукул жыйын өткөрүп, план өзгөргөнүн, бийликти басып алуу 8-августка жылганын жарыялаган. Аягы төңкөрүшкө чейин жетүүчү Атамбаевдин тарапташтарынын мөөнөтсүз митинги 8-август күнү саат 16:00гө белгиленген. Кой-Таштан ылдый агылгандар жолдогу үйлөрдү өрттөп, талап-тономой болгон. Ал максаты аткарылганга чейин күч түзүмдөрү ыкчам аракеттерди көрүп, Атамбаевди колго түшүргөн. Бирок, тарапташтары бийликти басып алуу планын аягына чыгарыш үчүн түнкү саат 10до УКМКнын алдына чогулуп, миңдеген адамдарды Ала-Тоо аянтына чогултарын айтып коркутуп, Атамбаевди бошотуу талабын коюшкан. Чогулгандар бийликти басып алуу аргасында Бишкекте талоон уюштурууга чамынып, банктарга, соода дүкөндөрүнө, супермаркеттерге, жана Жогорку Кеңешке киргенге аракеттенди. Тергөөчүлөр бул кадамдарды өлкөдөгү саясий кырдаалды чыналтуу менен тө4көрүш уюштуруу катары баалады. Башаламандыкта имараттар талкаланып, шаардык инфраструктура талкаланган. 16 миллион 151 миң сом зыян тарткан.

Күтүлбөгөн айыптоо

Тергөө маалында «Альфанын» жоокерлерин Атамбаев жеке өзү атканы аныкталган. Атамбаев Драгунов снайпери менен ок чыгарган. Кандай атышы керектигин Сагымбаев айтып турган. «Альфанын» командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков көкүрөктү тешип өткөн октон дароо жан берген. Октон «Альфанын» дагы эки жоокери оор жаракат алган. Аталган снайпердик куралды Атамбаев 2007-жылы мыйзамсыз түрдө, тийиштүү документтери жок мергенчилик дүкөндөн сатып алган. Анын 880 огун да мыйзамсыз алган. Узун айыптын арасында дагы бир ок атуучу куралды Атамбаев мыйзамсыз сатып алганы камтылган.

Кой-Таш окуясындагы кылмыш иши 88 томго жеткен. Бир эле Өткүрбек Жамшитов колкойгон айыптоочу акт 490 бетти камтыйт. №1 айыпталуучу Алмазбек Атамбаев кылмыш ишиндеги документтердин бирине дагы кол койгон эмес, көрсөтмө берүүдөн да баш тарткан. Бирок, анын тарапташтары билдиргендей, соттук отурумдардын баарына катышмай болду. Алгачкыларына келди.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: