Menu

Төлөгөн Касымбеков менен партбосс Медеткан Шеримкулов

Бөлүшүү:

Төлөгөн Касымбеков жооп алганы келгенде, Медеткан Шеримкулов ага өзүнүн кол жазма боюнча эскертүүлөрүн билдирди. Ушул сыяктуу оңдоолор жасалгандан кийин гана романды жарыяласа болот деди. Жазуучу буга кубана макул болуп, таң калуу менен: дал ушул эскертүү, сын-пикирлерди москвалык чыгаан адабиятчы Зоя Кедрина да айткандыгын белгиледи. Көрсө, бул чыгармасын өз мекенинде жарыялоодон үмүтүн үзгөн жазуучу аны дароо эле орус тилинде чыгарууга аракет кылып, карызга батса да, романдын сөзмө-сөз котормосун даярдатып, кол жазмасын Москвадагы басмага алып барган экен.

Бул ирет Касымбеков менен Медеткан Шеримкулов экөө эски тааныштардай, бейрасмий маанайда көпкө чейин маектешишти. Улуу жазуучулар демейде улуу тагдырга да эгедер болушат эмеспи. Бийликке өтө жакын болушуп, мамлекеттик жогорку сыйлык-наамдарды алышса да, ара төрөлгөн чыгармалары дароо унутулган халтурщик акын-жазуучулардан айырмаланып, чыгармачылык тагдырдын баталгасына өзүнүн өмүр наркын бүт койгон талант эч качан оңой жол издебейт. Жараткан өзү ыроологон талантына кыянаттык кылуу оюна да келбейт. Ал дайыма бул жарыктагы өз миссиясын туюп-билип, ошол сезимди бийик-таза алып өтүүгө умтулат!..

Төлөгөн Касымбеков азыр басмалардан башка авторлордун кол жазмаларын алып, арзыбаган тыйынга ички рецензияларды жазып берип, жан багып келгенин, бирок, эми аны куугунтуктоо күчөгөндөн бери, мурдатан мамилеси жакшы редакторлор да чочулашып, ал үчүн өздөрү азап тарткылары келбей калгандыктан, ошол арзыбаган акчалуу жумушту алуу да абдан кыйын болуп жатканын угуп, Медеткан Шеримкуловдун жаны кейиди.

Жазуучунун 50 жылдык юбилейи да жогорку куугунтуктоолордун айынан белгиленбей калганын угуп, Медеткан Шеримкулов анын көңүлүн жубатты: “Төлөгөн Касымбекович, улуу кыргыз адабияты үчүн ден соолугуңузду сактаңыз. Кудай буюруса, баары жакшы болот. Мен өзүм биринчи секретарь Турдакун Усубалиевге кирип, сиздин 60 жылдык мааракеңизди татыктуу белгилөөнү сунуш кыламын!..”

Бул жооткотуу тек гана моралдык колдоо иретинде айтылганы менен, иш жүзүндө дал ошондой болуп чыкты. Көрсө, кыргыздар байыртан бери “Жакшы тилек – жарым ырыс” деп бекеринен айтышпайт тура! Арийне, ал 1991-жылга чейин дагы көп убакыт бар эле. 1984-жылдын адаттан тыш, абдан ысык жай күндөрү өтүп жаткан…

Медеткан Шеримкулов Т. Касымбеков менен сүйлөшкөндөн кийин Т. Усубалиевге романдын кол жазмасын алып кирип, бул китептин маңызы менен кеңири тааныштырууга далалат жасаган. Бул китепти чыгаруу максатка ылайыктуу болот деп, муну далилдешке аракет кылган. Усубалиев эч нерсе айтпай, Шеримкуловду көңүл коюп уккан соң: “Макул, карап көрөлүк” – деп тим болгон. Ошондо гана Медеткан Шеримкулов өзү абдан чоң жаңылыштык кетиргенин түшүнгөн. Көрсө, ал Т. Касымбековго карата болгон негативдүү пикирин өзгөртпөптүр, ал эми Шеримкуловдун куугунтукка кабылган жазуучуну колдоо аракетин өтө терс кабыл алган! Усубалиев мындай нерселерди кечирчү эмес, такыр унутчу да эмес. Анын үстүнө, Шеримкуловдун Кулматовго болгон урматтоосун жакшы билчү!..

1985-жылдын декабрында Медеткан Шеримкуловдун кабинетинде телефон чырылдады. Бул кезде Шеримкулов Борбордук Комитеттеги ишинен кетип, сегиз ай Физкультура институтунда ректор болуп иштеп, кайра Борбордук Комитетке башка кызматка келип калган. Ал кезде китеп чыгаруу ушундай түйшүктүү, көп убакытты талап кылган процесс болчу!..

Басма сөздөгү мамлекеттик жашыруун сырларды сактоо боюнча Башкы башкармалыктын начальниги Тилектеш Ишенкулов экен. “Главлит” деп аталган маанилүү идеологиялык мекеменин оң баасы берилмейинче, ал кезде бир да басма продукциясы жарыкка чыкчу эмес. Республикалык газеталардан райондук газетеларга чейин көзөмөлдө турчу. Китептерди айтпаганда да…

Ал өзүнө жазуучу Касымбеков келгенин, жаңы чыгармасын чыгарүу үчүн Борбордук Комитеттин алдындагы партиялык комиссиянын төрагасы Шеримкуловдун колдоосун тапкандыгын айтып жатат, бул чынбы? – деп сурады. Үнүнөн маңдайында олтурган Төлөгөн Касымбековдун айтканына ишенбей жатканы байкалды. Медеткан Шеримкулов жазуучуга мурда берген убадасын кайталап телефон чалган Ишемкуловго бул чыгарманы эч кармабай тез чыгарууга көрсөтмө берди. Тез эле роман басылып чыкты. Бул кезде кайра куруу доору келип калган!.. Кийин Медеткан Шеримкулов менен улуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун мамилелери абдан жакын болуп кетти. Кайра куруу учурунда ал бардык эле жазуучулар менен тыгыз кызматташты. Ал эми Касымбеков менен легендарлуу парламентте да үзөңгүлөш болушту.

80-жылдардын орто ченинде борбор шаардын түспөлүндө да таанылгыс өзгөрүүлөр орун алды. Бул жагдайда биринчи секретарь Турдакун Усубалиевдин салымы чоң болгон. Ал көптөгөн ири курулуштардын жүрүшүн жеке өз көзөмөлүнө алып турчу. Азыркы борбордук аянттын мрамордук жаркыраган кебетеси дал ошол аракеттердин жыйынтыгы болуп калды. Дал ошол жылдарда курулган көптөгөн имараттар борбордук аянттын көркүн ачып, жалпы борбордун сыймыгына айланды.

“Көк базар” атка конгон жашылча-жемиш базарынан баштап, борбордук аймак дээрлик толугу менен тээ 20-30-жылдарда курулган жепирейген жер тамдарга толгон эле. Бирин-экин гана көп кабаттуу үйлөр арасынан бөлүнүп көрүнүп турчу. Кийин ошол үйлөр уратыла баштаганда бийлик катуу каршылыкка дуушар болду. Көнгөн борбордук аймактан алыскы жаңы микрорайондорго көчүүнү каалабаган шаар тургундары нааразы болушту. Бийлик буга көңүл бурбай койгон соң, алар жапырт москвалык гезиттерге арыз жаза башташты. Анда алар шаарда борбордук аянт бар экенин, ошого карабастан жаңы аянтты куруу үчүн көптөгөн жеке менчик тамдар, көп квартиралуу көп кабаттуу үйлөр бузулуп жатканын бийликтин ашыкча чыгымга жол берүүсү катары баалашкан.

Медеткан Шеримкулов москвалык “Правда”, “Известия”, “Труд” жана башка гезиттердин кабарчылары менен тыгыз кызматташкандыктан, ал редакциялар ушул сыяктуу каттарга көмүлүп калганын жакшы билчү. Бул тууралуу ал биринчи секретарь Турдакун Усубалиевди кабардар кылды. Биринчи секретарь бул жаңы баш оорутма маселе жөнүндө тынымга ойлоно калып, андан соң Медеткан Шеримкуловго ал каттарды биз окуп-изилдеп көрүп тиешелүү кызматтар аркылуу жооп берелик деп айтууга кеңеш берди. “Ал каттар иликтенип бүткүчө, биз баштаган курулуш да бүтөт!” – деди биринчи секретарь, кыйды көз карашта… Чын эле ал кезде курулуш космикалык темпте жүрчү. Тез эле Тарых музейинин, В. И. Ленин атындагы китепкананын, Агропромдун арка тибиндеги имараты курулду. Архитектуралык ансамбль таанылгыс өзгөрүп, жаңы, кең аянт көз жоосун алды. Андан бир аз арыраакта КГБнын жаңы имараты, “Нарын” рестораны, мемориалдык Жеңиш аянтын куруу аяктады. Совет мезгилинде 7-ноябрь жана Жеңиш күнү майрамдары эң сүйүктүү, масштабдуу майрамдар боло турган. Борбордук аянтта миңдеген адамдар катышкан салтанаттуу параддар өтүп, эмгек коллективдери ушул жылы жасалган иштери тууралуу рапорт беришчү. Көчөлөр кызыл-тазыл транспаранттарга, ураандарга жана үйлөнгөн шарларга толуп кетчү. Республика жетекчилери бийик трибунадан эмгекчилерге кол булгалашып, партия менен элдин биримдигин эске салгандай болушчу.

Жаңы аянтты ачуу салтанаты коммунисттик салтка ылайык, 14-октябрга – Кыргыз ССРинин түзүлгөнүнүн 60 жылдыгына арналды. Биринчи секретарь Турдакун Усубалиевдин майрамдык докладын даярдап жатып, агитация жана пропаганда бөлүм башчысы Медеткан Шеримкулов бул ирет докладчы алгачкы жолу кагазда алдын ала жазылган тексттен айырмаланган, импровизация жасаганга барат деп ойлогон эмес!..

Дегеле, биринчи секретардын ар кандай сөздөрүн даярдоодо да эч кыйшаюусуз, дайыма так аткарылчу талаптар коюлчу. Ар бир цифра, ар бир факт алдын ала көп ирет кайра-кайра текшерилип, такталып, Борбордук Комитеттин бөлүмдөрү аркылуу тиешелүү мекемелер менен макулдашууга жетишилген соң гана жарыялоого жол берилчү. Бул ишти башынан аягына чейин агитация жана пропаганда бөлүмү координациялап аяктаган соң гана, биринчи секретарь өзү карап чыкканга бериле турган. Зарыл тактоолор жана алымча-кошумчалар жасалчу, а кээде өзү жаңы толуктоолорду киргизчү.

Республика жетекчисинин сөзүн даярдоо Медеткан Шеримкуловдун кызматкерлеринин көп убакыт-күчүн алчу. Мына, эми ошол түйшүктүү иш артта калган кез. Борбордук аянтта майрамдык салтанат өтүп жатат. Баягы эле көнүмүш атрибуттар көзгө урунат. Жаңы аянтта болуп жатса да…

Алдын ала үч күндүк 12-14-октябрь күндөрү дем алыш деп жарыяланган. Жаңы аянтка толгон элдин алдында сүйлөп жатып, Турдакун Усубалиев көз ирмемге кагаздан башын көтөрүп, алыскы ак мөңгү баскан тоолорго көз чаптырды да: “Тээтиги шаңкайган Ала-Тоо фонунда курулган бул сонун аянт мындан ары “Ала-Тоо” аянты деп аталсын!” – деп, эч күтүүсүз экспромт жасап жиберди. Бул сөздү угуп, Медеткан Шеримкулов абдан катуу таң калды. Анткени, сөздүн текстинде жаңы аянт “В.И. Ленин атындагы аянт” деп аталары жазылган болчу. Ал кезде бардык союздук республикалардын аянттары ушундай деп аталчу. Анын үстүнө, аянтта жаңы эле тургузулган Лениндин эстелиги да турган. Ал кийин эгемендик доорунда гана Манастын эстелиги менен алмашылган.

Медеткан Шеримкулов үчүн коммунисттик идеяга чексиз берилген Турдакун Усубалиевдин бул импровизациясы ошол бойдон эч түшүнүксүз бойдон калды. Усубалиевди мындай кадамга барууга эмне түрттү? Кандай ички сезимдери ага биринчи ирет алдын ала жазылган кагаздан баш көтөрүп, өз алдынча чечимге барууга себеп болду экен? Кандай болгон күндө да, бул ошол мезгил үчүн абдан эр жүрөк, ординардуу эмес кадам болчу.

Биз азыр бул экспромт сыяктанган чечимди Турдакун Усубалиевдин ошол кездеги ички эмоцияларынын сыртка атылып чыгышы катары гана болжой алабыз. Кантсе да, өз мезгилинин уулу болгон чыгаан мамлекеттик ишмер деле өз доорунун узап кетип бара жаткандыгын табиятта убакыт-мезгилди токтото турган эч кандай күч жок экендигин сезсе керек. А балким, айланада абдан катуу тездик менен өзгөрө баштаган саясий атмосфераны байкап, өзүнүн бийликтен кете турган учуру да абдан чукулдап калганын сезгендир. Каалайбы-каалабайбы, баары бир акыры бул учур да келмек. Чейрек кылым үзгүлтүксүз башкарган биринчи секретарь да өз кызматы менен кош айтышмак…

Эрксизден эле классиктин өлбөс-өчпөс саптары эске түшөт: “Мой друг, отчизне посвятим, души прекрасные порывы!” Эгерде чын эле ушундай болсо, анда бул сыяктуу көздүн ачылышы биринчи жетекчиге бир аз кечирээк келгендиги өкүндүрбөй койбойт. А мүмкүн, өтө эле кеч келгендир, ким билет… Себеби, көптөгөн оппоненттери Турдакун Усубалиевди дал ошол такай жогору жактын көзүнө карап, кылчактаган, эч качан ашыкча баш көтөрбөгөн саясаты үчүн жактырышпай такай сындап келишпедиби. Анда айрым башка республика жетекчилерине таандык эр жүрөктүк, өз алдынча саясат жүргүзүү аракети болгон эмес!

Бардык саясий күрөштөрдө жеңген жана жеңилген тараптар болушат. Көмүскө күрөш да, ачык кармаш да саясий айдыңда өз издерин калтырат. Мындай таймаштан соң, ал кармашка түздөн-түз тиешеси болсо да, болбосо да, анын таасири тийген адамдар көп болот. Муну жарылуудагы толкун эффекти десе болот. Бомба түз тийбегени менен, эпкини жарадар кылат…

Борбордук Комитеттин биринчи секретарынын өзүнүн идеология маселелери боюнча секретары менен болгон күрөшүнөн кийин дал ошондой өзгөрүүлөр орун алды. Кызматтан кеткен Кеңеш Кулматовдун ордуна Компартиянын Борбордук Комитетинин илим жана жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Аманбек Карыпкулов дайындалды. Агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Медеткан Шеримкулов Кыргыз мамлекеттик физкультура институтуна ыктыярдуу-мажбурланган “сүргүнгө” айдалды. Бул кызмат номенклатуралык шкала боюнча, бул кызмат анын мурунку кызматынан кыйла төмөн турчу.

Мамасалы Апышев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: