Menu

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү фирма ачып, Баткенде тендерге катышып, уткандан кийин 103 миң сом алып качып кеткен

Бөлүшүү:

5-мартта ИИМдин аймак аралык башкармалыгынын ыкчам тергөө кызматкерлери профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө тендер утуп алып, келишимдин талаптарын аткарбай, акчаны алгандан кийин качып кеткен жеке компаниянын жетекчисин кармашкан. Бул ууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл өкмөттүн өкүлү милицияга арыз менен кайрылып, подрядчиктерге алданып калганын айткан.

Такталгандай, 2019-жылдын ноябрь айында айыл өкмөтү менен тендерди утуп алган “А” ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлгөн. Келишим боюнча компания Кадамжай районунда жайгашкан мектептердин бириндеги от жагуучу бөлмөнү оңдоп бермек. Бирок, жеке компаниянын өкүлдөрү ремонтко делген 103 миң сомдон ашык акчаны алгандан кийин келишимдин талаптарын аткарбай, качып кетишкен. Жыйынтыгында айыл өкмөттүн кызматкерлери өз күчү менен мектептин жылуулугуна кам көрүшкөн.

Аталган факт КРнын Жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

5-мартта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары “А” ЖЧКсынын жетекчиси болгон 1983-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кармалган. Укук коргоочулардын берген маалыматы боюнча, кармалган жаран мурда соттолгон. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: