Menu

Видео – Сыймык Жапыкеев, экс-прокурор: “Көлдүктөр экинчи жолу уят болдук, биринчиси Урмат Барктабасов менен уят болгонбуз, эми Садыр Жапаров менен уят болдук”

Бөлүшүү:

“Жаман иш болду. Көлдүктөр экинчи жолу уят болдук, биринчиси Урмат Барыктабасов менен да уят болгонбуз, азыр экинчисинде Садыр Жапаров менен… Уят болбойт элек, мобу провокаторлор баш бербейт турбайбы, көрдүңөрбү? Аягында 10 киши чыгып эле “кеттик, кеттик!” деп эле алып кетип калышты. Аларды эч ким тааныбайт…”, – деп билдирди бүгүн, 7-мартта экс-прокурор Сыймык Жапыкеев.

“Биз мобу “Чоң казаттын” балдары машпарага – кеңешүүгө олтуруп, чыкпайбыз деп айтканбыз. Анан “Чыккыла, чыккыла” дедиңер, макул чыгалы десек, Садыр Жапаров өзү түрмөдөн “чыкпай эле койгула” деди. Бул кандай деп калдык. Канат Хасанов Садыр Жапаровдун агасы – Сабыр байкеден сураса ал “ооба, чын эле Садыр өзү жазды, өзүңөр билгиле” деди… Көп балдар чыкпай калышты. Баш ийбегендер, Көлдөн чыгып алгандар келебиз дешти… Мен деле силерге окшогон эле жаранмын, депутатыңар эмесмин, тим эле мага мандат берип койгонсуп укмуш сөктүңөр го мени… Депутатыңардай эле сөктүңөр го мени… Садыр ава чыкпа десе чыкпай койдук. Туура кылыптырбыз, эмне бизди да камап салса “Жапыкеевге боштондук!” деп эч кимиңер чыкпайсыңар… Каныбек Осмоналиевге убал болду. Ал бийликти басып алалы деп чыккан эмес. Сабыр Жапаров таркагыла деп жатты, эч ким укпады. Кана, силер шайлап койгон бир депутат митингге чыктыбы? Мени коркок дейсиңер… Арменияда Пашинян чыкканда аны ээрчип 50 миң адам чыккан, бирөөсү провокация кылган эмес. А биз кыргыздар ушундай эл экенбиз: өзүбүздү-өзүбүз провокация кылып, шорлотот экенбиз. Ошол митингге бүт карапайым чор таман адамдар барган. Алардын бийликти алалы деген ою жок болчу. Ошондуктан урматтуу президент, генпрокурор, ИИМ, УКМК азыр жалпы кыргызга аминистия кылбайлыбы: Садыр абаны чыгаралы, Акаев, Бакиев, Атамбаев баарына эле аминистия кылыңызчы урматтуу президент. Ошондо жакшы болосуңар. Силердин жан-жөкөрлөр жалпы аминистияны каалабай жатышат… Акаевди, Бакиевди кууп кетирдик. Атамбаевди түрмөгө олтургуздук. Отунбаеваны мен президент болгон деп эсептебеймин. Конституцияны 2010-жылы Ошто согуш болуп жатканда Бишкектен эле добуш бердиртип, кабыл алып коюшкан. Эч ким референдумга барган эмес ошол күнү “, – деди Сыймык Жапыкеев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: