Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Аялдарды 8-март майрамы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  өлкөбүздүн асылзат айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу айымдар!

Сиздерди Аялдардын эл аралык 8-март майрамы менен куттуктайм!

Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукердиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет.

Элибизде Энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып келет.

Азыркы кезде аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышып жатышат.

Алар турмушубуздун бардык чөйрөлөрүндө үзүрлүү иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошууда.

Балдарды тарбиялоо боюнча негизги түйшүк  да асыл зат аялдарга таандык.

Кымбаттуу айымдар, энелерди жана балдарды коргоо — мамлекеттик органдарынын ар дайым артыкчылыктуу милдети болуп кала берет.

Бардык аракетибиз аялдардын жашоо турмушун жакшыртууга, үй-бүлөсүнүн келечеги ишенимдүү болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, албан ийгилик жана бактылуу турмуш каалайм».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: