Menu

“Freedom House” уюму Кыргызстанды “жарым-жартылай эркин өлкө” деп тапты

Бөлүшүү:

“Freedom House” эл аралык укук коргоо уюму “эркин мамлекеттердин” жылдык баяндамасын жарыялады. Аталган уюм дүйнөдөгү 95 өлкөнүн эркиндигин анализдеп чыккан. Алардын ичинен 83 – эркин, 63 – жарым-жартылай эркин, 49 – эркин эмес деп табылган. Кыргызстан 39 балл менен жарым-жартылай эркин өлкө деп аталып, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан эң жакшы көрсөткүчтү көрсөттү. Бул тизмеге дагы 62 мамлекет кирет. Эркин эмес өлкөлөрдүн арасында 48 өлкө анын ичинде Өзбекстан (10 балл), Казакстан (23 балл), Тажикстан (9 балл) жана Түркмөнстан (2 балл).

КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Россия – (20 балл), Украина 62 (жарым-жартылай эркин), Азербайжан – 10 (эркин эмес), Армения – 53 (жарым-жартылай эркин), Беларусь – 19 (эркин эмес), Грузия – 61 (жарым-жартылай эркин), Молдавия – 60 (жарым-жартылай эркин) алган. Монголия 84 балл менен эркин өлкөлөрдүн катарын толуктаган. Финляндия, Норвегия жана Швеция эң мыкты көрсөткүч (100 балл) алып толугу менен эркин өлкөлөр деп аталды.

Ал эми укуктар жана жарандык эркиндиктер чектелип жаткан өлкөлөр: Сирия (0 балл), Эритрея (2 балл), Түштүк Судан (2 балл), Түркмөнстан (2 балл) жана Түндүк Корея (3 балл).

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: