Menu

УКМК: “Россиянын консулдук бөлмөсүндө жарылуучу зат коюлган” деп жалган маалымат берген адам кармалды

Бөлүшүү:

Телефондук «террорист» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 9-мартта билдирди.

Алардын айтымында, 6-мартта УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө Россия Федерациясынын консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо УКМК атай адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвокуацияланган. Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир жарылуу зат жок болуп чыккан.

Бул факт КР УКМК Тергөө башкы башкармалыгына сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1974-ж.т. М.Т.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып кармалды. Такталгандай, А.А. бейбаштык менен анонимдүү маалымат жиберген. Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: