Бүгүн, 9-март күнү республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына Стамбулдан келген кыргызстандык жаткырылган. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев журналисттерге билдирди.
Анын айымында кыргызстандык жаран “Манас” аэропортунан ооруканага жеткирилген. Анын абалы туруктуу. Тепловизор менен текшергенде, анын дене табы жогору болуп, курч кармоочу респиратордук вирустук инфекция диагнозу менен ооруканага жеткирилген. Түркиядан келген жарандан коронавируска анализ алынган. Анын жыйынтыгы кечинде даяр болот.
Гүлжигит Аалиев кыргызстандык Түркиянын бир гана Стамбул шаарында болгонун, коронавирус катталган өлкөлөрдө болбогонун белгиледи.
Белгилей кетсек, 2-марттан бери Саламаттыктык сактоо министрлиги тарабынан тастыкталган алгоритмге ылайык, коронавирус катталган өлкөлөрдөн келген адамдар убактылуу 14 күндүк карантинге алынат.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ