Menu

Орусияда рубль, Казакстанда тенге долларга карата кунун жоготту. Кыргыз сому аман калабы?

Бөлүшүү:

Дүйнөдө мунайдын баасы төмөндөп жаткандыгына байланыштуу Казакстандагы акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 397 теңгеге чейин көтөрүлдү.

9-мартта өлкөдө эс алуу күнү болгондуктан, Казакстандын фондулук биржасында валюталык соода-сатык болгон жок. Жума күнү кечинде биржалык соода-сатыкта доллардын орточо курсу 382,22 теңгени түзгөн.

Дүйшөмбү күнү орус рубли да кунун жоготуп, бир доллар 72,72 рублге туура келди. Бул 2016-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Коронавируска байланыштуу дүйнөдө мунайга муктаждык азайып, анын баасы төмөндөп жаткандыктан, өткөн жумада Орусия менен Казакстан мүчө болгон ОПЕК+ тобу бааларды кармап туруу үчүн өндүрүш көлөмүн азайтуу боюнча мунасага келе алган эмес. Кремль ОПЕК сунуштаган азайтуу көлөмүнө жана чаралардын узактыгына макул болгон жок. Мындан соң Сауд Арабиясы Азия үчүн бир баррель мунайдын баасын төрт-алты долларга, АКШ үчүн жети долларга арзандатарын билдирген.

Бүгүнкү күндө Brent мунайынын баррели 36 долларга сатылууда. 2014-жылдагы баа согушунда анын баасы 30 доллардан төмөн түшүп кеткен.

Казакстан Орусиянын экономикалык өнөктөшү жана Москва жетектеген Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: