Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна иш сапары менен барат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 10-мартта, Мамлекет башчысы Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат.

Мындан сырткары, Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат.

Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: