Menu

Видео – Митингге сары жоогазын көтөрүп келген Отунбаева ИИМ жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-март күнү Бишкектеги Уркуя Салиева атындагы эстеликтин аянтында аялдарга карата зомбулукка каршы митинг өтүп жатат. Ал жакка жүздөгөн адамдар чогулуп, акциянын митингдерин талаптарып айтып жатышат.

Тынчтык митинги башталгандан көп өтпөй эле экс-президент Роза Отунбаева келди. Ал журналисттерге интервью берип, ИИМдин жетекчилиги кызматтан кетиши керектигин айтты.

“Ички иштер министрлиги кызматтан кетиши керек. Дүйнөлүк прессанын эң эле биринчи барактарына чыгып, абийирибизди кетирип, чакалап төктү. Биз он жылдап Кыргызстандын демократиялык имиджин чогултабыз деп канча митингге чыкканбыз. Канча обончуларга каршы турганбыз? Канча сары гүлдөрдү көтөрүп жүргөнбүз? Кыргызстанды каралаганга жол бербейбиз” – деп билдирди.

Мындан сырткары, ал обончулардан коркпош керектигин кошумчалады.

“Обончулар дайыма болгон, боло берет. Биздин коомдо алар бар экен. Мен ойлойм алар менен биз бир эле көз караштабыз. Аялдарга карата болгон зомбулук бизди кекиртектен кармап турат. Балдарга, аялдарга болгон зомбулук боюнча көп өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстан сап башында турат. Эмнеге биз ушуга намыстанбайбыз? ” – деп кошумчалады экс-президент.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: