Menu

УКМК: Ошто телефондук “террорист” кармалды

Бөлүшүү:

Ош облусунда кезектеги телефондук “террорист” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, 10-март күнү КР УКМК Ош облусттук башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районундагы Райондук электростанцияга бомба коюлган делген маалымат келип түшкөн. КР УКМКнын жана ИИМнин кызматкерлери окуя болгон жерге ыкчам түрдө барып, райондук электростанциянын кызматкерлери эвакуацияланып, аймак курчоого алынган.

Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө кандайдыр бир шектүү же жарылуу зат табылган эмес.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу 1969-ж.т. Э.К. аттуу КР жараны аныкталып кармалды.

Такталган боюнча, аталган Э.К. мас абалында бейбештык түрдө жалган чалуу жасагандыгы жана Кара-Суу районуна караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын картография бөлүмүнүн башкы адиси экендиги аныкталды. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат. УКМК эскертет, жалган маалыматтарды тараткан үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилик каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: