2-марттагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалган алты жаран, убактылуу кармоочу тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-март күнү Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук сотунун чечими менен, кармалган жарандар эки айга камакка алынды.
Кармалган адамдар: 1999-жылы туулган Т.А, 1999-жылы туулган И.Б, 1990-жылы туулган Ш.М, 1963-жылы туулган А.Б, 1973-жылы туулган Ч.Н, жана 1966-жылы туулган А.Б. Булардын ичинен төртөө эркек, экөө аял киши.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 2-мартында Борбордук аянтта экс- депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг уюштурушкан. Модераторлор митингден кийин элди таратканга аракет кылышканы менен, митингичилердин айрымдары Ак үйгө чейин жулунуп барышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ