Кечээ, 10-март күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери алдамчылык менен алектенген топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын учурунда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 60 жаштагы С.у.Ж. аттуу тургуну, Нарын областынын Жумгал районунун 56 жаштагы Ш.М.А. аттуу тургуну жана Чүй облусунун 55 жаштагы Н.Р.С. аттуу жашоочусу 250 миң АКШ долларын алып жаткан учурунда кармалган.
Такталгандай, кармалган жарандар «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин биринен, Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн пара катары 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын сурап, кийин 250 миң АКШ долларга түшүрүшкөн. Ошондой эле С.у.Ж. карата мурда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону аныкталды.
Муну менен алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында С.у.Ж. президент жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечип берүү убадасын берген.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалгандар КР УКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ