Menu

Өмүрбек Текебаев: “Саясаттан бир чыгып калсаң кайра улаш кыйын, ошондуктан быйылкы парламенттик шайлоого катышам, ал эми 5 жылдан кийин эмне болом, билбейм”

Бөлүшүү:

“Быйыл шайлоого катышканга менде реалдуу мүмкүнчүлүк бар. 5 жылдан кийинкисин айта албайм. Саясый карьера деген – бул үзүлүп калса кайра улаш кыйын нерсе. Өзгөчө сизде ресурс жок болсо”, – деп билдирди “Ата-Мекен” партиясынын үй камагындагы лидери Өмүрбек Текебаев Марал радиосунун редактору Майраш Базлакуновага берген маегинде.

“Ресурстун кеңири түшүнүгү бар да, мисалы олигарх тууралу айтып койсом, элдин көпчүлүгү – бул олигарх акчасы бар үчүн эле  депутат болду, мунун ресурсу акча эле деп ойлойт. Анда биз абдан жаңылабыз. Жөнөкөй адам бай болбойт. Анын өзгөчө ой жүгүртүү жөндөмү, потенциалы бар – бул да ресурс. Ал партнерлорунун кызыкчылгын билип, алар менен тил тапканга жөндөмдүүлүгү бар – бул да чоң ресурс. Ал баардык адамдар да боло бербейт. Экинчиси – адамдардын башын бириктирип, уюштуруу жөндөмдүүлүгү бар – бул лидердик сапат.  Мындай бир чоң бизнесменди карасаң билими деле жок, тантыр-тунтур сүйлөгөн бирөө, анан “ушунун алдында мен билимдүү болсом, эки-үч дипломум болсо, эмне үчүн бул бай, мен бай эмесмин деп ойлойбуз. Чыныгы бизнесмен лидер өзү билбегени менен билгендерди чогултуп, алардын жумуштарын так аныктап, эмгекти уюштура билет. Муну окумуштуу болсо деле баары биле бербейт, андай чоң ишти уюштура алышпайт”, – деди Текебаев.

“Мен саясаттан кеткенден кийин өлкөдөгү саясый абалды анализдеп, бирөөлөргө кеңеш берип же өзүмө пайдаланган ишти жасагым келет. Ага акча төлөшөбү  же жокпу азырынча билбейм, бирок ушул иш менен алектенем деп ойлойм”, – деп кошумчалады Өмүрбек Текебаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: