Menu

Фоторепортаж – Президент Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапары

Бөлүшүү:

«Лейлек жергесинин кыргыз мамлекетинин тарыхындагы жана азыркы турмушундагы ээлеген орду өзгөчө. Райондун ички мамлекеттик гана эмес, геосаясий мааниси да зор. Лейлек бүгүн — Кыргызстандын дарбазасы. Борбордон эң алыс жерде жайгашканы, жетүүгө оңой болбогону үчүн жана чечилбеген көйгөйлөрүнөн улам Лейлек району дайыма менин жүрөгүмдө турат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы жергиликтүү элге өзүнүн президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, өлкөнүн ар кыл тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Төрт сааттан ашуун убакытка созулган жолугушууда Президент жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жергиликтүү тургундардын чек ара кызматташуусун өнүктүрүүгө, жерлерди трансформациялоого, калкты таза суу менен камсыздоого, коррупция менен күрөшүүгө, аймактардагы социалдык объектилерди куруу жана капиталдык ремонттон өткөрүүгө жана башка маселелерге байланыштуу бир катар суроолоруна жооп беришти.

Сооронбай Жээнбеков 10-11-март күндөрүндө Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында аймактагы ирригациялык долбоорлор — Лейлек районундагы «Максат 2» дюкеринин курулушу жана Баткен районундагы Р-4 ирригациялык каналынын курулушу менен таанышып чыкты.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы Баткен шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Баткен шаарындагы логистикалык борбордун, сүттү, өрүктү кайра иштетүү ишканаларынын, айнек, темир-бетон заводдорунун жана мал союучу жайдын курулуш долбоорлору менен таанышты.

Андан ары ал Дүйнөлүк банктын көмөгү астындагы «Борбор Азиядагы жол каттамдарын жакшыртуу программасы» долбоорунун алкагында берилип жаткан жол тейлөө техникаларын көрүп чыкты.

Президент Баткен аймактык ветеринардык лабораториясына барды. Ошондой эле «Анварбек» айыл чарба кооперативинин иши менен таанышты. Мындан тышкары Баткен чек ара отрядына барды.

Баткен шаарындагы С. Айтматов атындагы орто мектепке барып, окуу класстарын, спортзалды көрүп чыгып, мугалимдер жана окуучулар менен пикир алышты.

Баткен облусундагы «Исфана — Кайрагач көзөмөл өткөрүү пункту (КӨП)» автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле, иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Лейлек районунун Раззаков айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошон Байматовдон кабар алды.

Аны менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Исхак Раззаковдун Исфана шаарындагы мемориалдык үй-музейине барып, элесин эскерип таазим кылды. Музейдеги меймандар китебине кол жазмасын калтырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: