Окуучулар менен студенттерди мөөнөтүнөн эрте каникулга жөнөтүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында эл өкүлү Бактыбек Турусбеков айтты.
Депутат мындан сырткары той-аштарды токтотуу маселесин көтөрдү.
“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялап, кескин чараларды көрүп жатат. Америка Европа менен болгон авиакаттамдарын токтотту. Буга байланыштуу биз да коргонуу чараларын күчөтүп, билим берүү мекемелерин мөөнөтүнөн мурда каникулга таратууну сунуштайм. Калган сабактарды жайкы каникул учурунда улантса болот. Биз 500-700 адам чакырып той-мааракелерди өткөрүп, бири-бири менен кучакташып, өбүшүп, конверт менен кол алышабыз. Муну дагы токтотушубуз керек”, — деди Турусбеков.
Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги 21-марттан 30-мартка чейин Кыргызстандын мектептери жазгы каникулга тарай турганын айткан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ