Menu

Юнисеф коронавирустун жайылышы тууралуу билдирүү таратты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-март күнү Юнисеф COVID-19 вирусунун  жайылышы тууралуу билдирүү таратты.

Төмөндө билдирүүнү өзгөртүүсүз беребиз.

COVID-19 вирусун пандемия деп жарыялоо коронавирус адамдын өмүрүнө чоң коркунуч жаратып, мурдагыдан да өтө кооптуу болуп калды дегенди билдирбейт. Пандемия деп жарыялоо – бул вирустун географиялык жактан жайылышы кеңейгенин таануу.

Вирус каалаган өлкөдө же жамаатта балдардын жана үй-бүлөлөрдүн арасында жайылышы ыктымал экенин билип, ЮНИСЕФ дүйнө жүзү боюнча COVID-19 эпидемиясына даярдануу жана реакция жасоо багытында иш алып барууда. Биз вирустун жайылышын токтотуп, балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана өнөктөштөрүбүз
менен ишибизди уланта беребиз. Ошол эле маалда биз вирустун кесепеттерине жана эпидемия менен күрөш үчүн көрүлүп жаткан чараларга мурдагыдай эле тынсыздануудабыз. Бийлик көрүп жаткан чаралар балдардын бакубатчылыгына таасирин тийгизүүдө, себеби мектептер жабылууда. Ошондой эле баштапкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча жергиликтүү саламаттык сактоо системаларына да оорчулук келүүдө. Айрым үй-бүлөлөр экономикалык кризисти башынан өткөрүп, өздөрүн вирустан сактай албай жатат.

Вирустан коркуу сезими аярлуу топторго кирген адамдарды, анын ичинде качкындарды жана мигранттарды басмырлоого жеткирген учурлар бар. Буга жол берилбеши керек.

Биз балдарга карата көрүлүп жаткан чаралардын таасирин жумшартуу үчүн, басмырлоону болтурбоо максатында жапа чеккен жамааттарда мурдагыдай эле ишибизди улантып жатабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: