Menu

Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-мартта, Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти.

Катар тарап Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Катар мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: