Түрк журналисттери Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын өлкө башчысы Реджеп Тайип Эрдоганды күтүп жаткан видеотасмасын жарыялашты.
Видеотасмада көрүнгөндөй, жолугушуулар залына алгач Владимир Путин келген. Ал эми Эрдоган эки мүнөттөн кийин гана кирип келген.
Бул убакыт аралыгында Путин Эрдоганды тик туруп күтүп турган.
Буга чейин Россиялык пропаганда “Эрдоган Путинди күтүп турду” деп видеотасма тараткан, кыязы эми түрк тараптын ага карата жообу окшойт.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/1870830329715969/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ