Кечээ, 12-март күнү 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган Биринчи май райондук сотунун судьясы үйүнө коё берилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Такталгандай, Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кечээ пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал жарандык ишти оңунан чечүү үчүн 2 миң доллар талап кылган.
Түндө кылмышка шектүү катары кармалган судья колтийбестик макамына ээ болгондуктан үйүнө коё берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ