Menu

Видео – “НПОшник” Рита Карасартовага чара көрүлөбү?

Бөлүшүү:

Кыргыздын салтына шайкеш келбеген бузукулукту жайылтууга аракет кылган бейөкмөтчүлөр аталардын жаркын элесин аздектеген Жеңиш аянтына чыгышып, жосунсуз жорукту жасашканы калк ичинде кеңири талкууланып жатат. Кызыгы, аталган иш-чарага жакында эле КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч кесиптик билим берүү агенттигине жетекчи болгон Рита Карасартова да катышты. «Карышкырды канчалык баксаң дагы эки көзү токойдо» деген чын окшойт, мамлекеттик кызматка келгенине карабай тастаңдап чыгып, мурдагы кожоюндарына жагыныш үчүн жагымсыз ишин улантууда. Шыйпаңдаган айым бул кадамы менен биринчиден, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузду. Тез арада чара көрүлүш керек. Бакыйган кызматта олтургандар бузукулукту жайылтып жатса, өлкөнүн келечеги кайда барат? Карасартова ушул иштен кийин келечек муунга кантип тарбия, таалим берет? «Жатыным меники, эмне кылсам өзүм билем», «Күйөөгө тийбейм», «Төрөбөйм», «Келин болуу кулчулук» деген топту колдогон адам мамлекеттик жооптуу кызматта иштегенге моралдык укугу барбы? Биздин жаш муунду ушундай адамдын колуна тапшырганыбыз туурабы? Эгер тиешелүү органдар муну териштире албаса, Президент өзү киришип, тийиштүү чара көрөт деген ишеничтебиз.

Булак: “Де-факто”

https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/1277340085794396/

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

Комментариялар

Нурзат
3 years артка

Жумуштан алып эле салыш керек да мындайды. Канчалаган жакшы ак иштеген инсандар “Таланты бар,таанышы жок”деген сыяктуу жумушка кире албай жүрүшөт.

Комментарий калтыруу Нурзат Жауапты болдырмау

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: