Menu

Кылмышкерлерден турган “ОПГ”: “Жети дубан – кырк уруу”

Бөлүшүү:

«Жети дубан, кырк уруу Кыргыз ынтымагы» – деген абдан «громкий» аталыштагы, өздөрүнө өзгөчө көңүл бурдурган ураан менен 2018-жылы дүбүртү катуу чыккан коомдук кыймыл кытайларга каршы митингде күпүлдөп өктөм сүйлөшүп, өкмөткө сөөмөй кезеп, мамлекеттин жалгыз патриоттору катары өздөрүн көрсөткүлөрү келишип, саясий упай топтоого абдан ашыгышкан. Ошондо бир катар жана башчыларынын кылмыштуу өткөн чагы кое бербей, буттарына илээшип, чалып, камакка алынышкан эле.

Андан бери эки жылча тынчып калышкан, үндөрү чыкпай. Эми ошолор 2-марттагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде кайрадан пайда болушуп, радикалдуу чакырыктары менен элдин көңүлүн бурушту. Албетте, колдон келсе, Ак үйдү басып алуу, болбосо, ызы-чуунун аркасы менен бизнесмендерди тоноп, олжого ээ болуу максаттары бар экени даана көрүнүп турду.

«Жети дубан, кырк уруу Кыргыз ынтымагы» деген кайдан чыкты? Булардын өзөгүн ким түзөт?» деген суроолорго жооп издеп көрсөк, абдан кызыктуу нерселер ачыкка чыкты. Көрсө, бул кыймыл толугу менен мурда соттолгон кылмышкерлер, наркомандар, бандиттер, зордукчулар, киши тоногучтар, паракорлордон турат экен!

Мисалы, 2-марттагы митингдин активдүү уюштуруучусу катары Амангелди Артыков деген киши. Бул эргул 2001-жылы эле баңгизаттарды сактагандыгы үчүн соттолуп, шарттуу кесилген. Көрсө, өзү наркоман болуп, баңгизаттарга көз каранды болуп калганынан улам Көлгө барып, кендирдин башын ушалап, гашиш даярдап жүргөн неме экен. Ошондо бир кармалып жаңылгандан кийин токтоп калбастан, бул адатын уланта бергени 2019-жылы кайра ачыкка чыгып, жанынан да, канынан да баңгизаттар табылган.

Эми ар биринин аты-жөнүн атабай эле коелу. Болгону, кылган кылмыштарын санап өтөлү: зордуктоо, унааны айдай качуу, каракчылык, алдамчылык, кишинин ден-соолугуна залал келтирүү, пара берүү. Зордуктоо менен соттолгондор бул уюмда бир эмес, эки киши жүрөт, болгондо да бир канча жолу зордуктаган рецидивисттер.

Жалаң кылмышкерлерден, антисоциалдык элементтерден турган коомдук кыймыл эмес, так кесе айтканда, кылмыштуу топ болгон бул «ОПГны» ким, кандай максатта түздү? Же өздөрү ушинтип кыйкырып, чет элдик инвесторлорго каршы чыксак, алар бизге акча берип оозубузду жаап турат, иштебей, «потолокко» чыйт түкүрүп, анаша чегип коюп жата беребиз деген кезектеги шоу кадамдарыбы? Кур аякка бата жүрмөк беле, Садыр Жапаровдун митингине да гонорар үчүн чыгып беришкендери даана көрүнүп турат.

Кыскасы, тилинен чаң чыкса эле укмуш патриот, чындык үчүн күйгөн инсан деп ойлогондон алыс бололу, туугандар. «Павлиндин эң сулуу куйрутунун астында кадимкидей эле тооктун көтөнү бар» дегендей, митингге чыгып, кыйкырып койгондордун жамбаштары кууш. Баса, бул ОПГ-уюмдун политтехнологу, кадимки, мурда төңкөрүш кыла коем деп жоопко тартылган Абдымалик Мырзаев деген чынбы?..

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: