Menu

Талант Жумбаев, журналист, публицист: “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн евразиялык вариантынан башка альтернатива жок”

Бөлүшүү:

Эгерде дүйнөнүн учурдагы абалын, ал кайда баратканын эске алчу болсок, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн евразиялык вариантынан башка альтернатива жок. Глобалдашкан дүйнө экономикалык валюта зонасына бөлүнүп жатканы орун алууда. Биз буга даяр болушубуз керек. Жок дегенде теориялык, идеологиялык жактан биз кайдабыз, ким менен экендигибизди аныкташыбыз керек. Биз үчүн, тарыхыбыз жана жалпы менталитетибиз көрсөткөндөй, евразиядан башка альтернатива жок.

“Акыркы 30 жыл ичинде коомдун интеллектуалдык билим деңгээли өтө төмөндөп кетти. Ошого карабай мен ишенем – элибиздин бизди түшүнгөн сергек бөлүгү бар. Эл баарын түшүнбөшү мүмкүн, бирок баарын сезет. Бул жолдун башталышы гана, бирок ылдамдык ыкчам эмес. Акыр аягы биз бир нерсе кылышыбыз керек…”

Ошону менен бирге концептуалдык пикирлерди айтууда жеке кызыкчылыктардан улам көптөгөн эмоционалдык, рационалдык ойлор бар. Ага карабай, бул тууралуу көп талкуу жасап, кыйынчылыктар жөнүндө айта берүүгө болот. Ар дайым эле ушундай болуп келген. Бул эч нерсе кылбай коюуга себеп эмес. Ошондуктан биз бул теманы талкуулашыбыз керек. Анткени, концептуалдык идея жана демилге Кыргызстандан чыгышы толук мүмкүн. Бизде адам ресурсу кенен-кесир. Өз алдынча концептуалдык чечим кабыл алып улантышыбыз керек. Эл менен сүйлөшүүдөн мурун аларга эмнени айта турганыбызды биз өзүбүз аныктап алышыбыз зарыл.

Бул бирдиктүү платформа боюнча коомчулук менен сүйлөшүүдөн мурун биз бирдиктүү жыйынтыкка келип алышыбыз керек. Акыркы 30 жыл ичинде коомдун интеллектуалдык билим деңгээли өтө төмөндөп кетти. Ошого карабай мен ишенем – элибиздин бизди түшүнгөн сергек бөлүгү бар. Эл баарын түшүнбөшү мүмкүн, бирок баарын сезет. Бул жолдун башталышы гана, бирок ылдамдык ыкчам эмес. Акыр аягы биз бир нерсе кылышыбыз керек. Жасаш керек болсо жаса -ошондо бир нерсе болот.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: