Ушул жылдын 12-апрелинде Ош шаардык кеңешинде шайлоо өтөт, анда 9 партия ат салышат. Жалпы 710 талапкер катталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарындагы партиялардын лидерлери менен жолугушууда билдирди.
“Катталган 9 партия 710 талапкерди көрсөттү. Каттоодон өткөндөрдөн сырткары 50 талапкер катталган жок. Алардын ичинен 25 талапкердин жогорку билими жок, 21 талапкер шаарда жашабагандыгы белгилүү болду. Калган 4 талапкер туура эмес маалымат бергендиги үчүн катталган жок”, – деди Нуржан Шайлдабекова.
” Шаардык кеңешке талапкерлерди каттоо тынч өттү” деп билдирди төрайым.
Үгүттөө иштери кечээ, 13-мартта башталды. Ал 11-апрель күнү аяктайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ