Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Роза Отунбаева 10-марттагы гейлерди колдоо митингинде “3-революция болот” деп президент Сооронбай Жээнбековду коркутуп жатат”

Бөлүшүү:

“Ушул Роза Отунбаевада уят деле жок экен, сыйы менен олтура бербей, былтыр музейде дырдай жылаңачтанып чечинип, уят жерлерин элге көрсөтүп баскан кыздарды колдоп митинг кылып жүрдү эле, быйыл аялдардын кийимин кийип алган эркек-гейлерди колдоп, 10-мартта Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына митингге чыгып: “мен 2 революцияга катышкан адам катары айтам, бийлик эми 3-революцияга алып баратат” деп президент Сооронбай Жээнбековду 3-революция менен коркутуп жатат”, – деп билдирди бүгүн, 14-мартта Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Биз Апрель баатырлары 2010-жылы Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Бекназаров сыяктуу аферисттерге ишенип, революцияга чыгып, алданып калганбыз. Эми гейлердин укугу бузулуп жатат деп Отунбаева кыйкырса эле 3-революцияга эл чыкпайт. Эл эми акылдуу болуп калды. Убактылуу өкмөт банк ячейкаларын тоноп, мародерлук кылып, Бакиевдин байлыктарын мамлекетке өткөрбөй өздөрү бөлүп алышып, акыркы 10 жылда Кыргызстанды сазга батыргандан кийин эми аларга эч ким ишенбейт. Акаев менен Бакиевдин учурунда Кыргызстан экономикасы жагынан жок дегенде Тажикстандан алдыда турчу. Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Сариевдер бийликке келгенден кийин Кыргызстан Тажикстандан да артта калды. Кумтөр алтын кениндеги Кыргызстандын үлүшүн Бакиев 12%дан 33%га көтөргөндө булар аны сындашканда ишенгенбиз, Бакиевди кууп чыгып, өздөрү Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн 33%дан 26% га түшүрүштү. Ал эми $5 миллиардга алтыны бар Таластагы “Жер үй” алтын кенин $100 миллионго эле будамайлап сатышып, Кыргызстанга 1% да үлүш калтырышпаптыр. Бул эмне деген шумдук? Кыргызстандын карызын $4,5 миллиардга жеткиришти, анын жарымынан көбүн Кытайга карыз кылышты. Кытай менен кредитке келишим түзүп жатып Кыргыз тарыхында биринчи жолу “кредитти төлөй албай калсак, суверенитеттен баш тартабыз” деп ушул шүмшүктөр кол коюп берип жатышпайбы. Муну депутат Акылбек Жапаров ачыктап бербедиби. Коррупцияны мындан мурун болуп көрбөгөндөй гүлдөтүштү. Эл душманы Максим Бакиев 150 миллион долларга оңдотом деген Бишкек ТЭЦин бул шүмшүк-аферисттер 386 миллион долларга оңдоттук деп акчасын жеп алышыптыр. Элге убада кылып келишкен парламенттик системаны 10 жыл бийликти мыкчып олтурушуп да кура алышпады. Булардын колунан пок да келбейт экен. Эми айта берсе арман көп, бул шүмшүктөргө ишенип ит болдук, эми буларды ээрчибейбиз. Өткөндө, 2-мартта Садыр Жапаровду колдоо митингине биз чыгалы деп жатканбыз, анан байкап турсак Текебаевдин, Атамбаевдин, Сариевдин, Отунбаеванын кишилери тымызын аралашып чуркап жүргөнүн көрүп, “кой, ушул шүмшүктөр дагы пайдаланып кетишпесин” деп чыкпай койдук. Отунбаеваны мен жакшы билем, ал да мени жакшы билет, революцияга чейин Нарынга келсе менин үйүмдө жатып жүрчү. Ошондо “ушулар бийликке келсе мамлекетти оңдойт” деп ишенчү элек, булар мамлекетти оңдомок тургай талкалап, талап-тоноп бүтүштү. 2010-жылы апрелде бийликке келери менен чет элдик кишиге күйөөгө чыкан Карачач кызына Лондондон $400 миңге хансарай сатып бергенин гезиттер сүрөтү менен жазып чыгышты. Азыр деле Отунбаеванын бир кыйналган кыргыздын карапайым аялдарынын укугун коргоп жүргөнүн көргөн жокпуз. “Аялдардын укугун коргойбуз” деген шылтоого жамынып, гей-лесбиянкалардын, турсийлерин чечип башына илип алган жылаңач кыздардын укугун коргоп чуркап жүргөнүн гана көрүп жатабыз. Эми болсо 3-революция менен  бизди коркутат. Мен ушул президент Сооронбай Жээнбековго такыр түшүнбөйм, ушундай эл бузарларды неге ордуна коюп койбойт? Убактылуу өкмөттүн шүмшүктөрүн мыйзам чегинде ордуна койбосо булар  3-революция кылабыз деп кыргыз мамлекетин талкалап жок кылышкандан да кайра тартышпайт. Буларда мамлекетчилдик деген түшүнүк жок, буларга кызмат менен бийлик, байлык гана керек. Булар дүйнөлүк идеологиялардан жаттап алгандарын чала сабаттарга айтып, кооз сүйлөп, ишендирип ээрчитип, дагы революция деген атка жамынып, мамлекеттик төңкөрүш жасап, кыргыз мамлекетин талкалашса учурунда чара көрбөгөн президент Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү болот. Ошондуктан мен президент Сооронбай Жээнбековдон талап кылам: биздин салыктын эсебинен Роза Отунбаевга 80 миң сом пенсия төлөө токтотулсун, элге окшоп 5-6 миң сом гана пенсия чектелсин. Элдин эсебинен берилген резиденциядагы бекер үй мамлекетке тапшырылсын, Отунбаева элге окшоп, светке, отунга, сууга акча төлөп эл арасында жашасын. Алардын башкаруусунан кийин элдин жашоо деңгээли итке минип калганын өз жон териси менен сезсин. Элдин эсебинен берилген машина, жан сакчы мамлекетке кайтарылсын. Алардын акчалары жетим-жесирлерге жумшалсын. Отунбаевадан экс-президент деп Атамбаев мыйзамсыз берген статус алынып салынсын. Ал статусту Отунбаевага эл берген эмес, азыр кылмышкер катары айыпталып жаткан Атамбаев берген. Мен Атамбаевди колдобойм, бирок 2016-жылы 31-августта “Ала-Тоо” аянтында Роза Отунбаеваны “самозванка!” деп аянттан кууп түшкөнүн колдойм. Атамбаевге, Мадумаровго кошулуп, мен да Роза Отунбаеваны эл шайлабаган “самозванка!” деп эсептейм. Кыргыздар качанга чейин эле ушул шүмшүктөрдү ээрчип, региондорго бөлүнүп, мамлекеттик төнкөрүштөрдү жасап, мамлекетибизди артка тартып жүрө беребиз? Бул шүмшүктөрдү ордуна коюп, башаламандыкка чекит коюуга убакыт жетти”, – деди Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: