Канададан 6-мартта келип, кечээ 13-мартта денесинин табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу карантинге алынган А.А. аттуу кыргыз жаранынын анализинин жыйынтыгы чыгып, андан коронавирус табылган жок. Бул тууралу бүгүн түндө КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Эсиңиздерге сала кетсек, А.А. аттуу кыргыз жараны Канаданын Торонто шаарында өткөн эл арлык конференцияга катышып, 6-мартта Торонто-Стамбул-Бишкек каттамы менен үйүнө келген. “Манас” аэропортунан тепловизордон текшерүүдөн жакшы өтүп, Бишкекке кеткен. Бирок 4 күн өткөндөн кийин денесинин табы көтөрүлө баштаган. Ошол эле учурда Торонтодон конференциянын уюштуруучуларынан конференцияга катышкандардын арасынан айрымдар ооруп калып, текшерилгенде коронавирус инфекциясы табылып, ооруканага жаткырылганын эскертип, кат келген.
А.А. дароо карантинге алынып, кечээ, 13-мартта анализдерди тапшырган эле. Бүгүн келген анализдин жыйынтыгы боюнча андан коронавирус инфекциясы табылган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ