Menu

Өзбекстанда коронавируска чалдыккан биринчи жаран катталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-мартта Франциядан келген Өзбекстандын жараны COVID-19 коронавирусун жуктуруп алганы катталды. Бул тууралу Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык агенттиги билдирет.

“Он бешинчи мартта жергиликтүү саат 06:00дө Вирусология институтунун лабороториясында Франциядан келген Өзбекстандын жаранынан COVID-19 коронавирусу аныкталды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Агенттик коронавирус жуктуруп алган жаран менен байланышта болгон жана бирге Франциядан учуп келген жүргүнчүлөрдүн тизмеси тактап, алардын жашаган жерлерин аныктап, өздөрүн издеп-таап медициналык көзөмөлгө алуу аракеттерин жасап жатат.

Ошондой эле агенттик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенине ишендирет.

Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө коронавирустан 5 миң киши көз жумду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: