Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 8ге жетти. Алардын арасында жаш бала бар. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары 15-мартта жазып чыкты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшариптин айтымында, ооругандардын арасында 2008-жылы туулган өспүрүм кыз бар. Ал Германиядан келген. Коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгында илдет табылган.
Ошентип, Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 9га жетти. Алматы шаарында – 7, Нур-Султанда – 2.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ