Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: “Коронавируска байланыштуу текшерүүлөр, бизнеске эч кандай тоскоолдук жаратпайт”

Бөлүшүү:

Короновирус илдетинин кесепетинен эки күндөн бери экономикадагы товарлардын өсүшү боюнча ыкчам иш чаралары колдонулду. Мындай пикирди бүгүн, 16-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат брифингинде билдирди.

“Дүйнө жүзүндө кыйынчылык болуп жатса, анын ичинде Кыргызстанда ушундай кыйынчылыктарга каршы туруу иштерин жүргүзүп жатсак, кээбир ишкерлер өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын өйдө коюшуп, унду, нанды кымбаттатып баюу аракеттерин көрүшүүдө. Мунун себебинен биз дем алыш күнү борбордогу базарларды, соода түйүндөрүн кыдырып чыктык. Жарандарыбыз менен дагы жоолуктум, кээбирлер өкмөттүн ишине нааразы болушту, монополияга каршы кызматтын ишинин таасири тийбей жатканын айтышты. Коронавируска байланыштуу экономикадагы нефтинин, валюталардын түшүүсүнө байланыштуу мен эки жолу Казакстан республикасынын премьер-министри менен сүйлөштүм, бул оорунун пайда болушуна жараша, текшерүү процесстери кыйындайт, жарандардын кыймыл аракетинин жүрүшүнө чектөө кирет. Анткени биз ошол процедураны сөзсүз жасашыбыз керек. Бирок бизнеске, товар жүгүртүүгө эч кандай тоскоолдук болбойт. Мындан тышкары Россия федерациясынын премьер-министри Михаил Владимирович Мишустин менен дагы сөзсүз түрдө жарандарды текшерип, ооруну таратпоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Ал жерде дагы соода, бизнеске эч кандай тоскоолдуктар болбойт”,- деди премьер-министр.

Ошондой эле Өкмөт башчы коронавируска байланыштуу чараларды жүзөгө ашыруу жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын айтты.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: