Menu

ИИМ: Нарын жана Таласта коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткандар аныкталды

Бөлүшүү:

Милиция кызматкерлери жалган маалыматтарды тараткан жарандардын өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Жалган маалыматтарды таратуу боюнча Нарын облусунда 1 факты, Талас облусунда 2 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-март кызматы билдирди.

13-март күнү уюлдук телефон аркылуу “WhatsApp” мессенджеринде “Кочкорго коронавирус жуктурган экөө келди” деген видеотасма тарагандыгы маалым болгон. Аталган факты Кочкор районунун ИИБде менен катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп, анда Кочкор районундагы кафелердин биринин жумушчусу дизинфекциялап жаткан санэпидемстанциянын ак халатчан эки кызматкерин көрүп, аны телефонго тартып, Кочкор районунда эки адам короновирус менен ооруп жаткандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды жайылткан. “WhatsApp” мессенджери аркылуу жалган маалыматты тараткандыгы үчүн жаран С.М. кечирим сурады.

2-мартта социалдык тармактарда Талас облусунун Манас районундагы Покровка ооруканасына короновирус жуктурган Турция жарандары келип түшкөндүгү жөнүндө жалган маалыматтар тараган. Аталган факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда ооруканага короновирус жуктурган чет өлкөлүк жарандар келип түшкөндүгү тастыкталган жок. Жалган маалыматты тараткан адам Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун Манас районунун жашоочусу (аял киши) болуп чыкты.
Ошондой эле, жалган маалымат тараткан дагы бир факты Талас облусунун Бакай Ата районунда катталып, Талас шаарындагы кафелердин биринде иштеген Т.Б. аттуу жаран (аял киши) түрк улутундагы эки адам короновирус менен ооруп жаткандыгы жана абалы оор экендигин айткан жалган маалыматты тараткан. Аталган факты Талас ОИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Жогорудагы фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: